Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:22

Эмилбек Абдыкадыров Чүй районунун акими болуп дайындалды


Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович
Абдыкадыров Эмилбек Ысакулович

Президент Садыр Жапаровдун 21-январдагы жарлыгына ылайык, Нарын облусундагы Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыров ээлеген кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ал Чүй районуна аким болуп дайындалды.

Ушул эле күнү Жапаровдун Чүй районунун акими Руслан Тагаевди кызматтан бошоткон жарлыгы жарыяланды.

Бир ай мурун Русланбек Тагаевди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен айыптап, камакка алган.

Русланбек Тагаевдин жактоочусу жана жакындары анын камалышы тууралуу комментарий бере элек.

Тагаев Чүй районун акими болуп 2024-жылы мартта дайындалган. 2023-жылы Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, экинчи болуп келген. Ага чейин аталган райондун акими болуп турган. (ZKo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG