Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:48

Bloomberg: Алтындын кымбатташынан Орусия төрт жылда 200 млрд доллардан ашык киреше тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Bloomberg агенттигинин аналитиктеринин эсебине караганда, 2022-жылдын февралынан бери Орусиянын Борбордук банкынын алтын запастарынын наркы 216 млрд доллардан ашык өскөн. Бул көрсөткүч Евробиримдикте тоңдурулган орусиялык активдердин көлөмүнө — 244 млрд долларга чамалайт.

Өткөн жылдын аягына карата Орусиянын эл аралык резервдери 755 млрд долларга жеткен. Анын ичинен 326,5 млрд доллар алтын түрүндө. Орусия дүйнөдө алтын өндүрүү боюнча экинчи орунда турат жана жылына 300 тоннадан ашык алтын казып алат.

Bloomberg 2022-жылдан бери орус алтыны Батыш базарларынан чыгарылып, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы кабыл албай калганын жана башка өлкөлөрдө сатууга мүмкүн эместигин жазды. Басылма ошол эле учурда, аны башка жолдор менен акчага айландыруу мүмкүнчүлүгү сакталып келе жатканын белгиледи.

Өткөн жылы алтындын баасы 65 пайызга өсүп, 1979-жылдан берки эң жогорку жылдык өсүштү көрсөткөн. Баалар акыркы төрт жыл бою жогорулоонун үстүндө. Буга борбордук банктардын жогорку суроо-талабы, инфляцияга байланышкан кооптонуулар жана геосаясий тобокелчиликтердин күчөшү, анын ичинде санкциялар алкагында активдердин конфискациялануу коркунучу түрткү болгон.

Bloomberg агенттиги белгилегендей, 2022-жылдын февралынан 2025-жылдын декабрына чейин Орусиянын алтын резервдеринин наркы эки эседен ашык көбөйгөн. Ошол эле учурда чет элдик валютада сакталган резервдер болжол менен 14 пайызга кыскарган. Согушка чейин резервдердин 21 пайызы алтындан турса, учурда бул көрсөткүч 43 пайызга жетти.

Орусиянын Каржы министрлиги узак мөөнөттүү келечекте алтындын баасы өсө берерин жана унциясы 5 миң долларга чейин жетиши мүмкүн экенин болжолдоп жатат.

2022-жылы мекеме чет өлкөлөрдө Орусиянын мамлекеттик активдеринен болжол менен 300 млрд доллар тоңдурулганын билдирген.

Декабрь айында Евробиримдик бөгөттөлгөн орусиялык активдерди - жалпы суммасы 210 млрд евро (болжолдуу 244 млрд доллар) мөөнөтсүз тоңдуруу чечимин узарткан. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү, болжол менен 190 млрд евро, Бельгиядагы Euroclear депозитарийинде сакталууда.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул активдер Орусия Украинага каршы согушту токтотуп, келтирилген зыяндын ордун толтурмайынча тоңдурулган бойдон кала берет.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG