96 жашында акка моюн сунган окумуштуу “Манасты” өмүрү өткүчө изилдептир.
Москвадан 1956-жылы аспирантураны аяктап келгенде Раиса Кыдырбаева 26 жашта болгон.
Илимдер академиясына ишке кирип, ал жерден өмүрлүк жары, айтылуу адабият таануучу, сынчы Кеңешбек Асаналиев менен таанышкан экен.
Кыргыз адабиятына өмүрүн арнаган жубайлардын кызы Асел Исаева учурда Илимдер академиясынын Кол жазмалар бөлүмүндө эмгектенет. Филология илимдеринин кандидаты.
Асел Исаева ата-энеси менен өткөргөн бактылуу жылдарын минтип эскерди.
"Мен ата-энемдин жалгыз кызымын. Айрыкча атама жакын элем. Кичине кезимде апам жумушка кетип, атам карап калды. Атам кайсы бир себептерден улам ортодо он жылдай жумушу жок жүрүп калган экен. Апам ишке кеткенде мени бала бакчага жеткирчү, биринчи класска да өзү жетелеп барган. Атам менен апам бири-бирин аябай сүйүп, баш кошкон экен. Апам өзү Фрунзеде төрөлүп, Караколдо чоңойгон. Жайкы каникул сайын Ысык-Көлгө алып барчу. Табиятты, тоону сүйүп жашады. Апам тамакты аябай даамдуу жасачу эле. Атам бешбармакты жакшы көрчү. Апам болсо камырды азыраак жасаганга аракет кылчу. Бирок атамдын көзү өткөндөн кийин өзү да камыр кошулган тамактарды жактырып калды. Бешбармак жасап берсем, сүйүнүп калчу. Бала кезде политех тарапта жашачубуз. Эки бөлмөлүү үйүбүздөн конок үзүлчү эмес. Ошон үчүн жалгыздыкты билбей чоңойдум. Атам менен апам китеп, илимий жыйындар, акын-жазуучулар тууралуу сүйлөшчү. Ошол кептер кулакка сиңип отуруп, филолог болушума чоң таасир этти деп ойлойм. Апам иш сапарларга көп чыкчу, илимий жыйындарда сүйлөп жүрдү. Атам менен апамдын аспиранттары көп эле. Кийин алар менен бир тууган, дос-курбу болуп калдык. Канат Садыков, Жылдыз Орозобекова, Камила Талиева ж.б. апамдын аспиранттары. Кечээ апамды акыркы сапарга узатканда да келип жылуу пикирлерин айтышты. Апам менен атамдан чоң китепкана мураска калды. Аспиранттар үйгө ошол сейрек китептерди колдонуу үчүн да келишчү. Апам союздагы таанымал окумуштуулардын бири эле да. Казакстандагы диссертациялык кеңештин мүчөсү болчу. Ал жакка барып, оппонент болуп жүрдү. Кечээ көзү өткөндө ал жактан, Өзбекстандан да чалып көңүл айтышты".
"Эпосту ар кандай алкактан изилдөөгө үйрөттү"
Раиса Кыдырбаева 65 жылдык эмгек жолунда фольклордун теориясы боюнча илимий мектебин түзгөн. Анын аспиранттарынын бешөө илимдин доктору болду.
Филология илимдеринин доктору, профессор Жылдыз Орозобекова устаты менен таанышкан кезин минтип эскерди.
"Раиса Заитовна менен 1989-жылы таанышкам. Ошол жылы азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетин аяктагам. Биз окуп жүргөн жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университети деп аталчу. Ал кезде жакшы окуган студенттерди гана аспирантурага жиберчү. Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Илимдер академиясына келдим. Фольклор таануучу, окумуштуу Сапарбек Закиров эжеге мен тууралуу айтса, "келсин" деген экен. Жайдын күнү эле, барсам, эже бешинчи кабаттын балконунда бир нерсе жазып отуруптур. Мен балкондун эшигин ачкандан тартынып, бир-эки сааттай ошол жерде туруп калдым. Эже жазып жатып, башын көтөрүп карап коёт. Бир маалда чыгып, "Сиз кимди күтүп жатасыз?" деди. Сапарбек Закиров жөнөткөнүн айтып, багыттаманы бердим. Ошол кезде Абдыганы Эркебаев Илимдер академиясынын жетекчиси болуп жаңы дайындалган. Ал киши суроолорду берди. Анан "бир айдан кийин аспирантурага тапшыруу болот, үч жыл окуйсуз, коргойсуз" деди. Ал арада үйгө барып келдим. Сентябрда илимпоздор кеңешине киргизди. Ошол жерден "аспирантуранын орундары толуп калды, ушул жерге эле ишке кирип, изилдей бериңиз" дешти. Эже аны угуп "Кайра жакшы болуптур, менин бөлүмүмө келиңиз" деди. Он беш күндөй күтүп келсем, ар кайсы ЖОЖдон 15 чакты киши чогулган экен. Баарын бөлүп кетип, мени бир дагы жетекчи албай койду. Элдин эң аягында Раиса эже "мен алайын, дипломдук ишин окуп чыксам, философия менен эпосту айкалыштырып жазыптыр, мага бериңиз, эпос таанууну үйрөтөлү" деген. Анан сынак изилдөөчү деп өз бөлүмүнө стажер кылып койду. Стипендиядан саал эле көбүрөөк айлыкка иштеп жүрдүм. Манас секторунда бөлүм башчы эле, дароо тема бекитип берди. Ал жерде Райкул Сарыпбеков, Самар Мусаев, Кеңеш Кырбашев, Айнек Жайнакова, Муңдук Мамыров ж.б. корифейлердин жанында отурдум. Ошону менен эже экөөбүз 20 жылдай чогуу иштештик".
Жылдыз Орозобекова устатынын көрсөтмөсү менен 1995-жылы "Манас" эпосунун миң жылдыгы белгиленерге жакын, Ысык-Көлгө барып, манасчы Шаабай Азизовдун вариантын жаздырып келген. Ал Раиса Кыдырбаеванын манас таануу илимине кошкон салымына мындай баа берди.
"Раиса Кыдырбаева үч багытта иш алып барган. Биринчиден, "Манас" эпосунун генезисин жазган киши. Генезис - бул кыргыздын тарых дүйнөсүндөгү орду. Кандай эл болгонбуз, кандай жерде жашаганбыз, кимдер менен коңшу турдук, кандай доорлорду баштан кечирдик дегенди чечмелеп жазган. Бул "Манастын" тарыхындагы фундаменталдуу эмгек болуп калды. Бизди эже эпостун поэтикасына салды. Поэтика - бул "Манастын" өтө татаал структурасы. Ошол аспиранттарына бир канча багытта, темаларга бөлүп берген. Мен манасчылардын келип чыгыш тарыхын жаздым. Кандай киши манасчы болот, дүйнөдө ушунтип айткан эл барбы деген теманы иликтедим. Эже бөлүп берген башка темаларды он чакты киши изилдеди окшойт. Ошонун ичинен илимдин беш доктору, жыйырмадай кандидат чыкты. Бул киши тубаса интеллигент болчу. Сыпайы, жини келип жатса да үнүн бийик көтөрчү эмес. Ачуусу чукул жайы да бар эле. Илимди кандай жазат, кимдин пикирине таянат, таянгандан кийин өз пикириңди кантип айтуу керек деген этикеттерге үйрөттү. Кийин мени Сагымбайдын, Саякбайдын варианттарын араб тилинен, кайсы бир жерде перс тилинен которгон жерге отургузду. Эгемендик жылдары оңой болгон жок, илимди таштап кеткендер көп болду ортодо. Аспиранттарынан үчөөбүз эле калганбыз. Ошол кезде баарына тегиз мамиле кылат эле. Кимдин билими, акылы эмнеге жетет деген суроо койчу. Ага чейин "Манас" институтунда алптар иштесе да мектеп жок болчу. Бул киши биринчи болуп түзүп, эпосту теориялык жактан ар кандай алкакта чечмелеп берди. Фольклордун башка салааларына кирип, кенже эпосторду изилдеди, 20га чукул илимдин кандидаттарын даярдады. Азыр эженин Ош университетинде эки, Жалал-Абадда бир аспиранты иштейт. Мындан он ай мурда ооруп калып, кызматтан кеткенче эженин калеми колунан түшпөдү. Феноменалдык эс тутуму бар, антропология боюнча да билими терең киши эле. Ал бизди фольклорго бир канча илимдин алкагында караганга үйрөттү. Бооруна тартып окутуп, энемден кийинки адам болуп калган. Жүзгө чыгайын деп калса да, кечээ көзү өткөндө ичим ачышты. Кыргыз илимине чоң салым кошкон титан кетти да".
Манасчы Талантаалы Бакчиев Раиса Кыдырбаеванын орус тилинде жазган эмгектери убагында “Манас” эпосун таанытууда чоң роль ойногонун айтты:
“Раиса Кыдырбаева менен эне-баладай иштешип калдык. Менин устатым Шаабай Азизов менен мамилеси жакшы болчу. Аны алгачкылардан болуп кагазга түшүргөн, ага туура баа берген окумуштуу болгону үчүн Раиса Заитовна менен жакындан таанышып калгам. Ошондон кийин кол үзүшпөй, жакшы мамиледе болдук. Кийин мен илимий багыттагы иштеримди жазып жатканда жетекчим болбосо да кеп-кеңештерин, сунуштарын алып турдум. Раиса Заитовна манас таануучу, фольклор таануучу катары мыкты теоретик окумуштуу болгон. Азыркы манас таануучулардын алпы десек болот. Теориялык жактан Москвадан атайын аспирантураны окуп, ошол жактан устат күтүп, илимий булактарга сугарылган. Эмгектеринин көбүн орус тилинде жазган. “Манас" эпосунун келип чыгышынын генезиси” аттуу эмгеги манас таануу багытындагы терең эмгек болуп эсептелет. 1984-жылы “Айтуучулук өнөрдүн чеберчилиги” боюнча дагы эмгек жазган. Ал орус тилинде чыккан. Андай эмгекти 40-жылдары Калим Рахматуллин жазган экен, андан кийин Раиса Заитовна жазып атат. Манасчылар мектептерин аймактарга бөлүштүрүп, ар бирине баа берип, илимий тыянак чыгарган. Манасчылардын түрлөрүн дагы анализге алган. Ал эле эмес “Саринжи-Бөкөйдү” иликтөөгө алып, бир катар кенже эпосторго жаңыча көз караштарды берген. Раиса Заитовна мурдагы Советтер Союзунун алкагындагы эң күчтүү, алдыңкы, кадырлуу окумуштуулардын бири. Ошол эле Казакстанда, Орусияда манас таануучу катары Кыдырбаеваны аташат. Эки тилди бирдей жакшы билген, бирдей талдаган билингвист окумуштуу болгон”.
"Адабият табыштырган жубайлар эле"
Адабиятчы, сынчы Рысбек Эшматов маркум фольклор таануу илимине эле эмес, кыргыз профессионал адабиятына да салым кошконун белгиледи.
“Ал киши экөөбүз Улуттук илимдер академиясында көп жыл иштешип калдык. Аспирантурага тапшыргандан баштап илимий кызматкер элем. Акындар поэзиясы боюнча илимпоз Батма Кебекова менен Раиса Заитовна бешинчи кабатта, катарынан кеткен эки иш бөлмөдө отурушчу. Ал кишилердин акыл-насаатын көп уктук. Чай үстүндө билгендерин айтып беришчү. Өтө билимдүү, нарктуу, аялзатына таандык мыкты касиеттерге ээ эжелер эле. Раиса Заитовна жалаң эле фольклорду эмес, дүйнөлүк классикаларды окуган, профессионал кыргыз адабиятын жакшы билген инсан болчу. “Манас” эпосун союз маалында В.М.Жирмунский, М.Ауэзов, Б.Юнусалиев дүйнөлүк деңгээлде изилдеген да. Бул кишинин эмгеги алардыкы менен бир катарда турат, масштабы чоң. Жалаң эле эпос менен чектелбей, профессионал жазма адабиятын да жакшы билген. Терминология деген өтө татаал да. Жолдошу Кеңешбек Асаналиев экөөлөп адабий илимдеринин терминдери боюнча сөздүк түзүп, калыпка келтирип, чыгарышкан. Экөө тең илимге чоң салым кошуп кетишти. Булар менен кошо кыргыз адабиятынын бир доору кетти десек болот. Менимче, азыркы кыргыз коому бул кишини дагы, Кеңешбек Асаналиев агайды дагы жакшы баалай албай калдык”.
Раиса Кыдырбаеваны жакындан билгендин баары анын өтө маданияттуу, билимдүү, ошону менен катар адамгерчиликтүү мүнөзүн белгилешти.
Филология илимдеринин доктору Айнура Кадырмамбетова окумуштууну илимий жыйындарда дайыма калыс, оюн түз айткан инсан болгон деп эскерди.
“Кандидаттык, докторлук диссертациялар жакталганда чогуу отуруп калчубуз. Эже абдан маданияттуу, принципиалдуу адам эле. Талкууларда жөн эле мактабай, калыс пикирин айтчу. Чыңгыз Айтматов атындагы Адабият институтунун “Манас” бөлүмүндө 2025-жылга чейин иштеди. Убагында Кеңешбек агай менен чогуу иштешкенбиз, азыр кызы менен иштешип жатабыз. Эже кандидаттык ишин Алыкул Осмоновдун лирикасы боюнча жактаган экен. Кийин “Манас” эпосун изилдөөгө өтүптүр. Ал кезде манас таануучулардын көбү кыргыз тилдүү болчу да. Бүткүл союздук илимий жыйындар өтүп турчу экен. Ошол кезде ушул теманы изилдеп көр деген сунуш болгонбу деп ойлойм".
Жогоруда айткандай, Раиса Кыдырбаеванын манас таануучу болуп калышына өмүрлүк жары Кеңешбек Асаналиевдин таасири болушу мүмкүн деген көз караштар бар.
Жолдошунун көзү өтүп кеткенден кийин Раиса Кыдырбаева акыркы эмгеги -“Адабий айкашты” толуктап, басмага берген экен.
Адабиятчы Жолдош Турдубаев кыргыз илимине опол тоодой салым кошкон жубайлар тууралуу буларды айтты:
“Мен 1992-жылы аспирантурага өткөндө көргөм. Токтоо, оор басырыктуу, интеллигент инсан эле. Ал кезде Илимдер академиясында мүчө-корреспондент болчу. Эжени Кеңешбек агай чындап сүйүп алган экен. Агайдын эскерүүлөрдөн турган “Адабий айкаш” деген китеби бар. Ошону толук бүтүрүүгө жетишпей калган. Агай көз жумгандан кийин чыкты. Ошол эскерүү китебинде экөө кантип баш кошкону жөнүндө жакшы эпизод бар. 1958-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести жарык көргөн эмеспи. Агай ошол кезде Тил жана адабият институтунда иштечү экен. “Жамийланы” окуп чыгып, журналды Раиса эженин столуна коюп кетиптир. Экөөнү “Жамийла” табыштырган десек болот. Билими, адамгерчилиги жактан бири-бирин толуктаган жубайлар болгон. Кеңешбек агай принципиалдуу, калыс киши эле. Аспирантурада окуп жүргөндө илимий жетекчим болду. "Керек болсо мени, Айтматовду да сында, тартынба" дечү. Адабий баалуулуктарды карманган, илимге башын сайган инсандар өтүп кетти да”.
Филология илимдеринин доктору, профессор Раиса Кыдырбаева 1988-жылы чыккан Мелис Убукеевдин "Улуу манасчы" даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси болгон.
Раиса Кыдырбаева 1930-жылы Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек) төрөлгөн. 1952-жылы КМУнын орус филологиясынан кийин Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтуна тапшырган. Фрунзеге келгенде Илимдер академиясына ишке кабыл алынып, ал жерде 95 жашка чыкканча эмгектенген.
1984-жылы филология илиминин доктору илимий даражасын коргоп, 1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. Илимге эмгек сиңирген ишмер наамынын ээси.
Белгилүү фольклорист, манас таануучу, филология илиминин доктору, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Раиса Кыдырбаеванын сөөгү 12-январда "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Шерине