Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчаларын куруу демилгесине каршы пикирин 14-январда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Ал президентке кайрылып, ботаникалык бактарда уникалдуу өсүмдүктөр бар экенин эске алуу менен мындай демилгелерге тыюу салууну суранды.
"2022-жылы ботаникалык бактарды сактоо жана өнүктүрүү чаралары тууралуу" атайын токтом кабыл алганбыз. Токтомдо ботаникалык бактарды өнүктүрүү жолдору көрсөтүлгөн. Бизде болсо футбол талаасын курганы жатышат. Мен футболду өнүктүрүүнү колдойм. Бирок ботаникалык бакта эмес. Бул бак бишкектиктерге эле керек эмес, жалпы Кыргызстанга керек. Бүгүн ботаникалык бакка адамдар сейилдегени, эс алганы келишет. Бизде футбол аянттары үчүн жер толтура. Президенттен да буга көңүл буруусун суранам. Ал жакта футбол талаасынын кереги жок", - деди Дастан Бекешев.
Гареев атындагы ботаникалык бакка президенттин иш башкармалыгы футбол талааларын куруп жатканын бактын басма сөз кызматы маалымдаган. Ага ылайык, ботаникалык бакта эки футбол талаасынын курулушу башталып, пайдубалы куюлган. Басма сөз кызматы бакта ошондой эле балдар аянтчасы, велосипед сүйүүчүлөр жана чуркоо үчүн жолдор куруларын маалымдаган.
Президенттин иш башкармалыгы бул боюнча маалымат бере элек.
2023-жылдын мартында президент Садыр Жапаров ботаникалык бакка барганда аны реконструкциялоону тапшырган. Ал бул жай Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирген. Ошол эле маалда “бакта жарандардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин” белгилеген.
Былтыр октябрда Министрлер кабинети Ботаникалык бакты жаңылоого 340 млн сом керек деп эсептелгенин маалымдаган.
1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Максим Горький көчөсүндө жайгашкан. Горький көчөсүндөгү бөлүгү буга чейин реконструкцияланган.(ZKo)
Шерине