Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Арсений Коноваловду Москва шаардык соту мамлекеттик чыккынчылыкка айыптап, 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу бир катар медиалар орус Федералдык коопсуздук кызматына таянып жазды.
"Осторожно, новости" каналы маалымдагандай, сөз Орусиянын АКШнын Хьюстон шаарындагы Башкы консулдугунда 2014-2017-жылдары эмгектенген 38 жаштагы жаран тууралуу болууда.
Федералдык коопсуздук кызматы Коновалов Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги кызмат абалынан пайдаланып, АКШга иш сапары учурунда америкалык чалгын кызматына жашыруун маалыматтарды акчалай сый акы үчүн өткөрүп бергенин билдирүүдө. Коновалов өткөн жылдын март айында кармалган.
Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын февралынан бери орус соттору мамлекеттик чыккынчылыкка жана тыңчылыкка байланыштуу миңден ашуун өкүм чыгарды.
Анын 468и 2025-жылга туура келет. Бул 1997-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. 1997-жылдын башынан тартып 2022-жылдын 24-февралына чейинки аралыкта мындай айыптар менен 196 чечим чыккан.
Бул маалыматтар көз каранды эмес Parubets Analytics ассоциациясынын "Первый отдел" укук коргоо долбоорунун буйрутмасы менен жүргүзгөн иликтөөсүндө айтылган.
Иликтөөдө согуш башталгандан бери Орусияда мамлекеттик чыккынчылык, тыңчылык жана жашыруун кызматташуу тууралуу беренелер саясий репрессиянын негизги куралына айланганы белгиленген. (KS)
Шерине