Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунаага убактылуу чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Ош жолундагы жүк ташуучу унаалар. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда (Сосновка постунан) кар жаап жатканына байланыштуу 26-декабрь, саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Мекеме билдиргендей, аймакты караган №9 Жол тейлөө ишканасы тазалоо жана кум-туз материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

Аталган министрлик айдоочуларды кандай кырдаал жаралбасын, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын адистери иштеп жатат. (KS)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG