Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Казакстанда бир жылда Украинадагы согушка катышкандарга 700 кылмыш иши козголду


Астана шаары, архивдик сүрөт.
Астана шаары, архивдик сүрөт.

Казакстанда бир жылдын ичинде Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышкан жарандарына каршы 700 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы "Кош бол, курал" деген долбоордун эсебине шилтеме кылып жазды.

Соттор "Вагнер" жеке аскерге жалданма жоокер болгондорго дагы, Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзгөндөргө дагы бирдей мазмундагы өкүм чыгарат.

Буга чейин Украинанын мамлекеттик "Хочу жить" долбоору Орусия украин жергесиндеги согушуна жалдап алып кеткен делген 687 кыргызстандыктын тизмесин жарыялаган. Согушка катышып келген айрым жарандарга Кыргызстанда кылмыш иши козголгон.

UzNews Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме менен 2022-жылдан бери өлкөдө чет жактардагы куралдуу жаңжалдарга жалдануу беренеси менен 338 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Мекеме ал адамдардын диний-экстремисттик жана эл аралык террордук уюмдарга кошулганын же чет өлкөлүк аскердик түзүмдөргө жалданганын аныктаган. Кайсы жаңжалдар тууралуу кеп болгону белгисиз.

"Хочу жить" долбоору быйыл октябрда Өзбекстандын кеминде 2 715 жараны Украинага каршы согушканын же согушуп жүргөнүн аныктаган.

Орусия Украинанын аймагына толук бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери жүздөгөн борборазиялыктар, анын ичинде кыргызстандыктар каза болду.

"Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар.

Украинанын “Хочу жить” долбооруна эле 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган. Бул долбоор жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген 800дөн ашуун кыргызстандыктын 181и набыт болгону көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматты Кыргызстандын расмий органдары азырынча ачык тастыктай элек.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG