Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Орусияда Кобилжондун өлүмү тууралуу пикирин билдирген тажик жараны кармалды


Кобилжон Алиев.
Кобилжон Алиев.

Орусиянын укук коргоо органдары тажик жаранын «улут аралык кастыкты козутуу» беренеси менен камакка алганы кабарланды. «Сова» укук коргоо борбору тажикстандык жарандын кармалышына 10 жаштагы Кобилжон Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу айткан пикири себеп болгонун билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам 25 жаштагы Саидназар Хожимуродов. Интернетке жарыяланган видеодо ал орой сөздөрдү колдонуп, Орусиянын жетекчилигин, анын ичинде Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинди "ксенофобиялык кылмыштарга көз жумуп жатат" деп айыптаган. Ал өз сөзүндө «Орусияда тажик жарандарына карата жасалган кылмыштарга көңүл бурулбайт» деп, тажик мигранттары тарабынан жасалган кылмыштар адатта өзгөчө баса белгиленерин айткан.

Укук коргоочулардын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда Саиджон Хожиев деген ат менен белгилүү Хожимуродов 19-декабрда кармалган. Ага каршы арызды «Многонационал» жана башка улутчул Telegram каналдар Орусиянын Тергөө комитетине жөнөткөн.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, «улуттук, диний же башка кастыкты козутуу» беренеси боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

«Сова» борбору Хожимуродовдун билдирүүлөрүндө зомбулукту пропагандалоо же кастыкты козутуу белгилери жоктугун, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз жок экенин билдирди.

Кобилжон Алиев 16-декабрда Москва облусунун Одинцово районундагы өзү окуган мектепте 15 жаштагы орусиялык өспүрүм тарабынан өлтүрүлгөн. Өспүрүм адегенде мектептин күзөтчүсүнө, андан кийин Кобилжонго бычак менен кол салган. Тажикстандык бала алган жаракаттарынан көз жумган.

Мектепке жасалган кол салуу фактысы боюнча "Адам өлтүрүү", "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козголду.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги бул кылмышты "улуттук жек көрүү" актысы деп атап, Орусиянын Тажикстандагы элчиси Семён Григорьевге нота тапшырган.

Тажикстандын Ички иштер министри Рамазон Рахимзода Москвадан тажик баланын өлтүрүлүшүн кылдат жана объективдүү иликтөөнү, ошондой эле күнөөлүүлөрдү адилеттүү жазага тартууну талап кылган.(AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG