25-декабрга караган түнү дрон чабуулдарынан улам Орусиянын Краснодар аймагынын Темрюк шаардык портунда мунай сактоочу эки резервуар өрттөндү. Бул тууралуу Орусиянын аймактык ыкчам штабы билдирди.
Маалыматка караганда, өрт 2 миң чарчы метрден ашык жерди каптаган. Жабыркагандар жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги 25-декабрга караган түнү Украинанын 170 учкучсуз аппараты атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Анын жетөө Краснодар аймагында жок кылынган.
Ал эми Москванын мэри Сергей Собянин Москваны көздөй учурулган сегиз дрон атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Бул түнү Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусия 131 дрон менен сокку урганын, анын 106сы жок кылынганын маалымдады. 15 жерге дрон тийген. Одессанын портуна урулган соккуда бир киши өлүп, экөө жараат алганын украин тарап кабарлады.
Орусиянын кол салуусуна жана күнүмдүк бомбалоолоруна кабылган Украина жооп иретинде Москванын согуш машинасын камсыздаган жайларды бутага алып келет. (KS)
Шерине