2026-жылдын 1-январынан тартып ишкерлерди текшерүү токтотулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-декабрда Таш-Мойнок айыл аймагында атайын кызматтын “Кызыл-Белес”эс алуу комплексинин ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди. Анда Ташиев текшерүүлөр мыйзам бузгандарга гана колдонуларын айтты:
"Негизинен биз ишкерлерге жардам беришибиз керек. Мен баарыңыздардын алдында тапшырма коюп кетем: эмдиги жылдан, 2026-жылдын 1-январынан баштап укук коргоо, коопсуздукту сактоо органдары, бирөөңөр да бир дагы ишкерди текшербешиңер керек. Ишкерлерди текшерүүнү токтотобуз. Ишкерлерге экономикалык чоң эркиндикти беришибиз керек. Туура, ошол эле ишкерлердин арасында салык төлөбөгөн, аткезчилик менен иштеген, мыйзамдарды олуттуу бузгандар болушу мүмкүн. Аларга биз даана-даана иштешибиз керек. Ал эми калган бир дагы ишкерлерди текшербешиңер керек".
Бийлик ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынарын буга чейин жарыялаган. Маселен, 2024-жылдын январында президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу негизсиз текшерүү болсо өзүнө кайрылууга чакырган.
Акыркы жылдарда, анын ичинде узап бараткан жылы УКМК убагында жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен делген мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп алуу өнөктүгүн күчөттү. Алардын арасында жер тилкелери, имараттар, социалдык объектилер, мейманканалар, базарлар жана башка жайлар бар.
Мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекетке кайтарылып жаткан мүлктөр убагында мыйзамсыз берилгенин бир нече жолу белгилеген.
Ташиев ачылышына катышкан “Кызыл-Белес” эс алуу борборунун жалпы аянты 29 гектарды түзөт, анда УКМК кызматкерлеринин эс алуусу үчүн шарттар бар. 15 эс алуу үйү курулган, анын ар биринин аянты 60 чарчы метр, 600 метрлик асма жол да салынган.
Шерине