Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Активист Айбек Теңизбай 48 саатка камалганы белгилүү болду, бөгөт чарасы 12-декабрда каралат


Айбек Теңизбай
Айбек Теңизбай

Активист Айбек Теңизбайга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") менен айып коюлуп, атайын кызматтын Бишкек башкармалыгына 48 саатка камалды.

Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.

"Кылмыш иши лингвистикалык экспертизанын негизинде козголуптур. Тергөөчү бизге экспертизанын корутундусун таанышууга берди жана таанышып чыктык. Ал жерде Теңизбаевдин Ютубдагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү каралып, "кастыкты козутуу белгилери бар" деп белгилениптир. Ошонун негизинде кылмыш иши козголгон", - деди Бараков.

Анын айтымында, Теңизбайдын бөгөт чарасы 12-декабрда Октябрь райондук сотунда каралат.

Теңизбайды белгисиз кишилер кармап кеткени 11-декабрда эртең менен белгилүү болгон. Кийин анын жакындары бул күнү таң эрте Кой-Таштагы Теңизбайдын апасынын үйүнө өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери деп тааныштырган белгисиз кишилер келип, активистти кармап кеткенин билдиришти.

Аны кайсы органдын кызматкерлери кармап кеткени белгисиз болуп жаткан.

Кечке жуук активисттин дайыны УКМКдан чыгып, ал мекеменин Бишкек башкармалыгында экени аныкталды.

Атайын кызмат социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындап жүргөн Теңизбайдын кармалышы жана козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат бере элек.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG