Орусияда 11-декабрга караган түнү эки химиялык завод дрон чабуулуна кабылды. Телеграм-каналдар кабарлагандай, Новгород облусунун Великий Новгород шаарында жана Смоленск облусунун Дорогобуж шаарында жайгашкан ишканаларга сокку урулган.
Astra каналы жергиликтүү тургундарга таянып жазгандай, Великий Новгороддо “Акрон” жер семирткич заводуна дрон менен чабуул жасалган. Жарылуу болуп, өрт тутанганы кабарланды.
“Акрондо" аммиак селитрасы да бар. Анын компоненттери жарандык жана аскердик тармактарда да колдонулушу мүмкүн.
Ошондой эле Astra жана украиналык Supernova+ каналы маалымдагандай, дрондор Дорогобуж шаарындагы “Дорогобуж” химиялык заводун да бутага алган. Ал минералдык жер семирткичтерди жана технологиялык продукцияны чыгарган ишкана.
Телеграм-каналдар Дорогобуж районундагы Жылуулук электр борбору да жабыркаганын жазышты.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, бейшембиге караган түнү 12 облустун үстүнөн жалпы 287 украин дрону атып түшүрүлгөн.
Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев социалдык тармактарда жазгандай, Воронежде дрондун сыныгы электр берүү линиясын үзүп кетип, айрым жерлерде жарык убактылуу өчүп, шаардын сол жээгинде жылуулук менен камсыздоо жарым-жартылай үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары административдик имарат жана бир нече көп кабаттуу үйдүн терезелери жабыркаган.
Облустун түштүк тарабында өнөр жай объектисине тиешелүү имарат да бузулган.
Украина бул соккулар боюнча комментарий берген жок. Адатта Киев орус армиясына колдоо көрсөткөн ишкана-жайларга дрон менен чабуул коерун билдирип келет. Ал эми орус армиясы дээрлик күн сайын Украинанын аймагына абадан чабуул коет.
Шерине