Кытай өкмөтү Ооганстанды жетектеп жаткан "Талибан" бийлигинен өз жарандарынын өлүмүн иликтөөнү расмий түрдө талап кылды. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин 10-декабрдагы жыйынында Кытайдын өкүлү Фу Гун кытайлыктардын өлтүрүлүшүн катуу айыптап, окуяны олуттуу коркунуч катары баалады.
Фунун айтымында, "Ислам мамлекети", "Чыгыш Түркестан ислам кыймылы", "Техрик-и-Талибан Пакистан" сыяктуу террордук уюмдар Ооганстандын аймагында активдүү бойдон калууда. Ал талибдерди бул топторду толук жок кылууга чакырды. Ошондой эле Фу Тажикстан менен талибдерди чек арадагы күзөттү күчөтүүгө үндөп, мындай окуялар кайталанбаш керек экенин белгиледи.
Фу кошумчалагандай, Бээжин аймактагы өлкөлөр менен координацияны бекемдөөгө даяр.
Акыркы бир айда Тажикстандын Ооганстан менен чек арасына жакын жерде Кытайдын жарандарына каршы эки кол салуу болду. Биринчи чабуул 26-ноябрга караган түнү Шамсиддини Шохин районундагы "Шохин СМ" компаниясынын базасына жасалып, үч кытай жараны өлтүрүлгөн.
Экинчи чабуул 1-декабрга караган түнү Дарваз районунун Вишхарв жамаатынын Шодаки айылында болуп, анда эки кытай жол куруучу каза тапкан.
Бул окуялардан кийин Кытайдын Тажикстандагы элчилиги кытай компанияларына кызматкерлерин Ооганстан менен чектеш аймактардан эвакуациялоону сунуштады.
Дүйшөмбү чабуулдарды Ооганстандын аймагындагы куралдуу топтордон көрүүдө. 1-декабрда президент Эмомали Рахмон күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, чек арадагы коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды.
Кытайдын Дүйшөмбү жана Кабулдагы элчилери Тажикстан менен талибдерди коопсуздукту камсыздап, эки өлкө ортосундагы мамилелерге доо кетирбөөгө чакырышты.
Талибдердин өкмөтүнүн тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки тажик кесиптеши менен телефондон сүйлөшүп, биргелешкен иликтөөгө даяр экенин билдирди.
Ал арада өткөн жумада ооган маалымат каражаттары талибдердин өкүлүнө таянып, Кытай жарандарынын өлүмү боюнча Тажикстан менен чек арага жакын аймактарда эки шектүү кармалганын жазышты.
Азырынча бир да террордук уюм кылмышты өз мойнуна ала элек. Иликтөөнүн жыйынтыктары да азырынча жарыялана элек.
Шерине