Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:56

“Манас” театрында болгон окуяны комиссия иликтейт


“Манас” театры.
“Манас” театры.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтарды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.

Мекеме иликтөө толук аяктагандан кийин анын жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин кошумчалады.

Социалдык тармактарда жакында эле өткөн “Жаратман манасчы” сынагына байланыштуу “Манас” театрынын жетекчиси жана манасчылар аралашкан мушташ болгону тууралуу маалыматтар тарады. Театрдын директору Нурбек Талантбеков бул тууралуу комментарий бере элек.

Улуттук макамга ээ “Манас” театры 2021-жылы түзүлгөн. Театрда манасчылар, төкмө акындар иштейт. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG