Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:18

Министр Орунтаев реновация мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты


Нурдан Орунтаев.
Нурдан Орунтаев.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев реновация - көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу боюнча мыйзам иштелип чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал 10-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде айтты.

“Эски турак жайды сатып алып жаткан компания мамлекеттик же жеке менчик ишкана болобу биз жарандардын укугун коргошубуз керек. Ошндуктан бул мыйзам биринчиден укуктарды коргоого багытталган мыйзам болот. Компания турак жайды кантип сатып алыш керек, кенемтени кандай бериши зарыл көрсөтүп берет”, – деди ал.

Нурдан Орунтаев реновация жөнүндө мыйзам долбоору жаңы Жогорку Кеңеш ишин баштаганда сунушталарын кошумчалады.

Буга чейин негизинен Бишкектеги “сталинка”, “хрущевка” деп аталган үйлөр жаңыланары айтылган. Буга айрым шаардыктар каршы чыгып, жеке менчик укугу сакталбай жатканын билдирип чыгышкан. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG