Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Жапаров Путиндин Новгороддогу резиденциясына чабуул тууралуу кабарга бушаймандык билдирди


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров орус президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы мамлекеттик резиденциясына жасалган чабуул тууралуу кабарларга терең тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирип, "бул Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча учурдагы сүйлөшүү аракеттерине доо келтирет" деп жазды.

Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 29-декабрга караган түнү Украина дрондор менен орус президенти Владимир Путиндин Новгород облусундагы резиденциясына чабуул жасоого аракет кылганын жар салган. Ал чабуулдарга 91 дрон колдонулуп, алардын баарынын мизи кайтарылганын ишендиргенге аракет кылган.

Лавров расмий Москва тынчтык сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын, бирок буга чейинки позициясын кайра карап чыгарын кошумчалаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремлдин украин дрондору орус президентинин резиденциясына "чабуул жасоого аракет кылды" деген маалыматын четке каккан билдирүү таратты. Ал муну “кезектеги калп” деп атап, орус бийлиги мындай жол менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жолтоо болуп, Киевдеги өкмөттүк имараттарга чабуул жасоого шылтоо издеп атканын айтты.

Ал тапта орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин АКШ президенти менен дал ушул маселе боюнча телефондон сүйлөшкөнүн, Трамп соңку маалыматты угуп “абдан ачууланганын” маалымдады.

Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт X соцтармагы аркылуу Трамптын Путин менен сүйлөшкөнүн ырастап, бирок кеңири маалымат берген жок.

Резиденцияга чабуул тууралуу маалымат Зеленский менен Трамп Флоридада жолугуп, сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин айтышкандан бир күн өтпөй чыкты.

Трамп жолугушуудан бир нече саат мурда Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн белгилеп, дээрлик төрт жылга созулган согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимин түзүүгө "мурдагыдан да жакындап калганын" айткан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG