Юстиция министрлигинин “чет элдик өкүлдүн функциясын аткарып жаткандардын” реестрине дагы эки уюм – “ЮНИСОН” коомдук фонду жана “Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси” (НАБУ) киргени белгилүү болду. Бул тууралуу маалымат министрликтин сайтына жарыяланган.
Маалыматка караганда, “Германиянын жаратылышты коргоо бирикмеси” Кыргызстандагы ишмердигин 1994-жылы баштаган жана уюм жаратылышты коргоо тармагында иш алып барып келет.
“ЮНИСОН” коомдук фонду тууралуу маалымат берилген эмес.
21-майда Юстиция министрлиги "чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан коммерциялык эмес уюмдардын реестрин түзүү жана алардын ишин текшерүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилгенин" билдирген. Ага ылайык, 16-майдан тартып бейөкмөт уюмдар эки айдын ичинде Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз, документтерди бериши керек.
14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” же “Чет элдик өкүл” деп таанылган талаштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон.
Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.
"Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму реестрди түзүүдө бир катар укуктук нормалар жана эл аралык милдеттенмелер сакталбаганын белгилеп, Конституциялык сотко арызданып, сот аны кабыл алган эмес.
Сентябрда "Чет элдик өкүлдүн функцияларын аткарып жаткан Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынын реестрине" ЖИА-бизнес-ассоциациясы, "Евразия бизнес клубу" ишкерлер бирлиги", Кыргызстандагы Fauna and Flore International (Фауна энд Флора Интернэшнл) компаниясынын филиалы катталган.
Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын бирдиктүү маалымат базасында учурда 11 миң 819 коомдук бирикме жана 8 миң 749 коомдук фонд катталган. Алардын бардыгы эле укук коргоо ишмердиги менен алектенбейт. (TAb)
Шерине