Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Еврошаркет кеңейүүгө даяр. Түркиянын кезеги келеби?


Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен
Түркиянын президенти Режеп Таип Эрдоган жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен

мазмуну

  • Еврошаркетке кошулуу процессинде Монтенегро жана Албания алдыда турат, бирок ага коррупция жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу маселелер тоскоол болууда.
  • Молдова жана Украина шаркетке кошулуу аракетин улантууда, бирок Венгрия жана башка өлкөлөрдүн каршылыгы жараянды татаалдаштырууда.
  • Шаркетти кеңейтүү процессин оптималдаштыруу боюнча сунуштар талкууланып, айрым өлкөлөр жаңы мүчөлөргө добуш берүү укугун чектөөнү сунуш кылды.

Европа комиссиясынын кеңейүү боюнча жылдык отчетунан шаркет алдыдагы 5 жылда жаңы мүчөлөрдү кошуу багытында олуттуу аракет көрүүгө даяр деп баамдаса болот. Кеп төрт талапкер – Албания, Молдова, Монтенегро жана Украина тууралуу жүрүүдө.

4-ноябрда жарык көргөн доклад 10 үмүткөрдүн биримдикке кошулуу үчүн шарттарды канчалык аткарганын баа берүүнү көздөйт. Алдыда айтылган өлкөлөрдөн тышкары ал тизмеде Босния жана Герцеговина, Грузия, Косово, Түндүк Македония, Сербия жана Түркия бар.

Бирок быйыл документте геосаясий боек даана байкалып турат.

Брюсселдеги расмий адамдардын айтымында, Еврошаркеттин кеңейүүсү кайрадан күн тартиптеги маанилүү маселеге айланды. Уюмга акыркы болуп 2013-жылы Хорватия кошулган. 2020-жылы Британия чыккандан кийин блоктун мүчөлөрү тарыхта биринчи жолу, тескерисинче, азайды.

Жылдык докладда “кеңейүү реалдуу мүмкүнчүлүккө айланганы”, бул жараян “акыркы 15 жылга караганда тезирээк жүрүп жатканы” белгиленет.

Мындай көрүнүш Орусиянын 2022-жылы Украинага кол салганы менен түшүнүдүрүлөт. Шаркеттин башкы дипломаты Кая Каллас биримдик “дүйнөлүк сахнада күчтүү оюнчу болгусу келсе” кеңейиши керек деп билдирди.

Монтенегро сап башында

Эмки жаңы мүчө Монтенегро болуп калышы ажеп эмес. Подгорица бул жааттагы сүйлөшүүлөрдү эмки жылдын этегине чейин аяктоону көздөйт. Докладда белгиленгендей, “өлкө бул дымактуу максатка жетүү жолунда баратат”.

Өлкө сүйлөшүүлөрдү 13 жылдан бери жүргүзүп келатат. Азырынча 7 гана шарт аткарылды. Алардын бардыгы акыркы бир жылда бүткөрүлгөнүн эске алганда Монтенегро шаркетке кошулууга ынтызар.

Декабрда дагы беш шартты аткарууга умтулуп жатат. Бирок Брюсселдеги дипломаттар бул прогноз ашыкча оптимисттик деп айтышат.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш, көз карандыcыз сот системасын орнотуу иши дагы деле камтама жаратат.

Ошентип, Монтенегро эмки жылы блокко кошулат деген имиштер чын болбосо да, өлкө 2028-жылы 28-мүчөсү болуп калышы толук ыктымал.

Албания №2 талапкер

Тирана өкмөтү сүйлөшүүлөрдү 2027-жылы соңуна чыгарууга үмүттөнөт. Еврокомиссия муну реалдуу деп эсептейт. Албания акыркы бир жылда олуттуу прогресс жасады.

Бирок популярдуу туристтик аймакка айланып, европалыктар деңиз жээгинде кыймылсыз мүлк сатып алууга киришкени менен өлкө уюшкан кылмыштуу топтордун очогу деген терс имижден арыла элек.

Еврокомиссия Тиранага «маңзаттарынын соодагерлерине каршы күрөшкө жана кылмыштуу топторду аныктап, жок кылууга көбүрөөк аракет жумшашы керек” деген кеңеш берет.

Молдова менен Украиначы?

Бул эки өлкө жуп болуп келатат. Экөө тең 2022-жылы шаркетке кошулуу арызын тапшырган. Бирок акыркы кезде аларды бөлүп коюшканы тууралуу айың кептер тарап жатат.

Молдова өзүнчө жол менен кетсе, балким, баштапкы сүйлөшүүлөр башталмак. Эмне дегенде Венгрия Украинанын талапкерлигине бир жылдан бери бут тосуп келатат. Сыягы, Венгриядагы 2026-жылдагы парламенттик шайлоого чейин абал өзгөрбөйт.

Кишинев биримдикке 2028-жылы кирүүгө үмүттөнсө, Киев согушка карабай алдыдагы он жылда максатына жетүүнү көздөйт.

Эки өлкө тең комиссиянын жогорку баасына ээ болгон. Украинага буга чейин антикоррупциялык эки агенттиктин таасирине байланыштуу эскертүү жасалган.

Азырынча шаркеттин Будапешттен башка бардык мүчөлөрү Кишинев жана Киев менен техникалык иштерди улантууну макулдашты. Алар Венгриядан“жашыл жарык” күтүп жатышат.

Жараянды оптималдаштыруу

Ал арада жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жараянын жакшыруту маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта сүйлөшүүлөрдү баштоо жана аягына чыгаруу үчүн бардык мүчөлөрдүн колдоосу жетиштүү болсун деген демилгени көтөрдү. Бирок жараянды жайлатууну көздөгөн кээ бир өлкөлөр бул сунушту четке какты.

Венгрия кошуна өлкөлөргө бут тоскон жалгыз мүчө эмес. Мисалы, Болгария Түндүк Македонияга тоскоол болуп келатат. Ал эми Хорватия Сербияны биримдикке кошулгуча көзөмөлдөгүсү келет.

Андан тышкары жаңы мүчөлөрдү айрым маселелер боюнча добуштан ажыратуу каралууда деген сөздөр да айтылып жатат. Украин президенти Владимир Зеленский андай вариантты дароо четке какты.

Кеңейтүү жараянын тескөө үчүн өткөөл чаралар киргизилиши мүмкүн. Мындай механизм 2004-жылы колдонулуп, Борбордук жана Чыгыш Европанын сегиз өлкөсүнүн жарандарына биримдикте иштөө укугу бир нече жылдан кийин гана берилген.

Жыйынтыктап айтсак, согуштан улам кыйынчылыктарга туш болгон Украинаны Еврошаркетке кошулуу жолунда эң оор күрөш күтүп жаткандай.

Кыскартылган котормо. Макаланын толук варианты The EU Is Ready To Expand Again. But Who Will Be The Next Members, And When?

Шерине

XS
SM
MD
LG