Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

"Эң ири соода келишими". АКШ жана Еврошаркет мунаса тапканын жарыялашты


Урсула фон дер Ляйен жана Дональд Трамп. 2025-жылдын 28-июлу.
Урсула фон дер Ляйен жана Дональд Трамп. 2025-жылдын 28-июлу.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Европа Биримдиги өз ара соода жүргүзүүдөгү бажы төлөмдөрүнүн шарттары боюнча маанилүү келишимге жетишти. Бул тууралуу Улуу Британиянын түндүгүндөгү Шотландия жергесинде Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен 27-июлда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп жарыялады.

"Баарыбыз үчүн бирдей жакшы келишим. Ал бизди жакыныраак кылат. Кайсы бир мааниде алып караганда, бул өнөктөштүк", - деди АКШ лидери.

Фон дер Ляйен, өз кезегинде, "катаал сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынган" "эң ири соода келишими" деп атады. Анын белгилешинче, ЕБ жана АКШ 800 миллион адам калкы бар рынок жана бул дүйнөлүк Ички дүң өнүмдүн 44%.

Трамптын айтымында, Евробиримдиктин аймагынан АКШга ташылып барган товар үчүн алынуучу 15% импорттук төлөм(пошлина) 30% болмок.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Мындан тышкары, Кошмо Штаттардын башчысы кошумчалагандай, Еврошаркет АКШдан 750 миллиард долларга энергетикалык ресурстардан сатып алууга, бул өлкөнүн экономикасына 600 миллиард доллар инвестиция салууга жана андан курал-жарак сатып алууга макул болду.

Фон дер Ляйен ортодо мунаса табылганын тастыктап, келишимдин чоо-жайы жакынкы апталарда толук жарыяланарын белгиледи. Анын айтымында, 15% бажылык төлөм АКШга импорттолуучу товардын көпчүлүк бөлүгүнө салынат, бирок айрым товарларды, мисалы, айыл чарба продукциясын АКШ да, Евробиримдик да бири-биринин аймагына алып киргенде төлөм төлөбөйт. Еврокомиссия төрайымы Евробиримдиктин АКШдан суюлтулган газдан көбүрөөк көлөмдө сатып алуу ниетин тастыктап, мындай шартта Орусиядан импорттолуучу суюлтулган жаратылыш газын азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгиледи. Жалпысынан, фон дер Ляйендин белгилешинче, АКШ менен жетишилген соңку келишим туруктуулукка жана эртеңки күнгө карай ишенимге өбөлгө боло алат.

Буга чейин Кошмо Штаттар Жапониядан импорттолуучу товарлар боюнча да сүйлөшүү жүргүзүп, натыйжада 30% эмес, 15% төлөм алуу тууралуу макулдашылган.

Reuters белгилегендей, Евробиримдик АКШ менен импорттук төлөм тууралуу сүйлөшүүдө пошлинанын мындай түрүн таптакыр төлөбөөгө уруксат аларына үмүттөнүп жаткан.

Өндүргөн товарын АКШга алып барып сатууну каалагандардан бажы төлөмүн алуу тууралуу билдирүүсүндө Дональд Трамп импорттук пошлинанын шартын, өлчөмүн аныктап алууга эң кечи 1-августка чейин деген мөөнөт койгон. Андан кийин Вашингтон менен бир пикирге келе албаган өлкөлөргө жана биримдиктерге жогорку импорттук пошлиналар киргизилери жарыяланган. Мындай талап Еврошаркетке да коюлары белгилүү болгон.

Урсула фон дер Ляйен
Урсула фон дер Ляйен

Трамптын фон дер Ляйен менен жолугушуусу АКШ президентинин Шотландиянын түштүк-батышындагы Тёрнберри гольф клубунун аймагында өттү. Еврокомиссиянын төрайымы да, Кошмо Штаттардын президенти да жолугушуу башталар алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып талкуудан кийин орток пикирге келе аларына ишеним бар экенин айтышкан.

Андан мурдараак Трамп мунаса табуу ыктымалдыгын жарым-жартылай баалап жатканын айткан. Фон дер Ляйен эгер тараптар бир пикирге келе алышса Евробиримдик менен АКШ ортосундагы тарыхта жетишилген "чоң келишим" болуп каларын белгилеген.

Шотландияда өткөн сүйлөшүүлөргө Еврокомиссиянын соода-сатыкка жооптуу өкүлү Марош Шевчович жана АКШнын соода министри Говард Лютник менен соода маселелери боюнча өкүлү Жеймисон Грир катышышты. Лютник Европа "келишим түзгүсү келет", бирок бул үчүн ЕБ өкүлдөрү АКШ президентине ал 1-августта 30% пошлина киргизүү планынан кайтышы үчүн жакшы шарттарды сунуштоосу зарыл экенин айткан.

Мында кеп АКШнын товарларына европалык базарга жетиши үчүн жеңилдетилген, ыңгайлуу шарт түзүп берүү тууралуу болушу мүмкүн. Трамп өзү акыйкаттык керек экенин айтып, америкалык автомобилдик өндүрүш ишканаларынын жана айыл чарба продукциясынын Европанын дүкөндөрүнө, базарларына жетүүсүндө кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалаган. Ошону менен катар ал Евробиримдик үчүн импорттук пошлинанын өлчөмүн аныктоодо төлөмдүн 15% деген көрсөткүчтөн ылдый болушуна даяр эместигин айткан.

АКШ президентинин импорттук тарифтер тууралуу алгачкы билдирүүсүнөн улам Евробиримдикте америкалык пошлиналарга жооп иретинде өзүнчө чаралар даярдалган. Бирок кийин Трамптын администрациясы дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнө импорттук төлөм талабын катаалдатуу чечимин алар менен сүйлөшүү өткөргөнгө чейин токтото турмай болгон.

Бүгүнкү күнгө карата Вашингтон бул маселеде айрым өлкөлөр менен гана мунаса таба алды. Калгандарына карата төлөмдү жогорулатуу тууралуу чечим 1-августтан тартып күчүнө кирет деп болжолдонууда.

Трамптын тариф саясаты соода согушуна жол ачтыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG