Президент Садыр Жапаров Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине барат.
Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирип, президенттин администрациясы Садыр Жапаровдун АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын кошумчалады.
С5+1 форматындагы саммитке Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылган.
2023-жылы Нью-Йоркто АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден менен Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн.
Акыркы жылдары “Борбор Азия-Кытай”, “Европа Биримдиги–Борбор Азия”, “Борбор Азия–Германия” жана “Борбор Азия-Орусия” сыяктуу бир катар самиттер өттү. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине