Президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки жарым жылда электр энергиясын импорттобой каларын 27-октябрда Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” ГЭСинин ачылышында билдирди.
Ал учурда өлкө боюнча 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кечеге курулуп баштаган жылуулук электр борборунун курулушунун бүтүшү менен Кыргызстанда өндүрүлгөн электр жарыгы жалпы керектөөнү жаба турганын белгиледи.
“Алдыда тарыхый мааниге ээ болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул кылым курулушун – улуттук масштабдагы долбоорду ишке ашырууда эл аралык каржы уюмдары биз менен кызматташууга даяр. Учурда биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат. Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз”, - деди Жапаров.
Президенттин маалыматына караганда, “Кара-Көл” ГЭСИ боюнча инвестициялык макулдашуу 2023-жылы түзүлүп, сентябрда курулушу башталган. Курулуш мөөнөтүнөн беш айга эрте бүткөнүн, бул долбоорду “Жагалмай” компаниясы ишке ашырганын билдирди. Келишимге ылайык, компания өзү ГЭСти 15 жыл иштетип, кийин толугу менен мамлекетке өткөрүп берет.
Президент мамлекет бул тармакта инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, жергиликтүү ишкерлерди кызматташууга чакырды.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын бир жылдык электр энергияны керектөөсү 18 млрд кВт/сааттан ашып, өндүрүлгөн кубаттуулуктан 4 млрд кВт/сааттан ашып түшөт. Ушундан улам Кыргызстан ортодогу таңкыстыкты жабыш үчүн жыл сайын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. Бирок анын баасы ачык айтылбай келет.
Шерине