Манас (мурдагы Жалал-Абад) шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “аны урганын” ырастап, муну туура кабыл алганын билдирди.
Мэрдин маегинде алып баруучу Ташиевдин мурда тартылган видеодо Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы менен мэрин сабаганы боюнча айткан видеосун көрсөтүп, бул окуянын чоо-жайын сураган.
Мэр бул окуя Министрлер кабинетинин Манас шаарына бөлүп берген 2 миллиард сом каражатты өздөштүрүүгө байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Бөлүнгөн каражатты шаардын бюджетине кабыл алуу үчүн шаардык кеңештин макулдугу керек экенин, төрага менен ушул маселеде пикир келишпестик чыкканын айтты.
Ормоковдун айтымында, депутаттар мэриянын 2 миллиардды өздөштүрүп алуусуна ишенбей, шаардык кеңеш менен акылдашпай койдуңар деп нааразылыгын билдирип, ортодо пикир келишпестик чыккан.
“Төрагабыз “Регион” телеканалына маек куруп, “аткара албайт, болбогон долбоор” деп коёт. Аны Камчыбек Кыдыршаевич көрөт да. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарын карап, өзгөчө Манас шаарындагы болуп жаткан иштерди көзөмөлдөп, карап турат. Ошондо көрүп калган го. Мени чакырып, “Көрүп калдым. Эмне болуп жатат?” деп сурады. Албетте, бизди иниси катары, иштеп жаткан жетекчи катары тилдеп урушуп турат”, - деди Ормоков.
Журналист Ташиевдин сөзүн келтирип, анын мэр менен шаардык кеңештин төрагасына кол көтөрүп, уруп-урбаганын тактап сурады.
“Экөөбүздү тең урду. Ал киши туура эмес иш кылсаң урат, тилдейт дегендей. Биз ага ыраазыбыз. Себеби түз, туура жүрүшүбүз шарт”, - деди мэр.
Камчыбек Ташиев өлкөнүн аймактарын кыдырып, жергиликтүү аткаминерлердин иштерин жана бюджеттик каражаттардын өздөштүрүлүшүн текшерген. Анын алкагында бир катар мекемелердин жетекчилери жыйын өтүп жаткан жерден камакка алынган, кийин коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон учурлар да бар.
Шерине