Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору “Британияга жумушка жөнөтөм” деп адамдардын акчасын алдап алган учурлар көбөйгөнүн билдирди.
Мекеме 15-октябрда тараткан маалыматта соңку учурда чет өлкөдө иштегиси келген жарандарга акысыз катталууну сунуштап, кийин медициналык камсыздандыруу, банк эсебин ачуу, билет сатып алуу үчүн деп акча сурашары жазылган.
"Алдамчылар паспорттун көчүрмөсүн жана сүрөттү талап кылышат. “Британиянын миграция кызматы сиздин талапкерлигиңизди жактырды” деген жалган билдирүү жөнөтүшөт”, - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Шылуундар жасалма интеллекттин жардамы менен документ жана лицензияларды даярдап жөнөтүп, сунуштан баш тарткандарды “кара тизме” менен коркутушат.
Борбор жарандарды паспортун башка адамдарга бербөөгө, +44 же +1 коду менен башталган номур аркылуу WhatsApp, Telegram же Instagram түйүнүндөн байланышка чыккандарга ишенбөөгө чакырды. Ошондой эле Британияга сезондук жумуштарга алты айга чейин уруксат берилерин, ишке орношуу акысыз экенин, виза жана билетке төлөм эмгек келишими түзүлгөндөн кийин гана сураларын эскерткен.
Онлайн каттоо борбордун расмий сайты www.migrant.kg аркылуу гана жүргүзүлөт. Шектүү учурларда 1899 номуруна байланышууга болот.
Соңку жылдары Европанын бир канча өлкөсүнө, айрыкча Британияга сезондук жумуштарга тартылган кыргызстандыктар көбөйдү.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт.
Шерине