Индиянын премьер-министри Нарендра Моди орусиялык мунайды сатып алуудан баш тартууга макул болду. Бул тууралуу шаршембиде АКШ президенти Дональд Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Трамп Модиден Индия Орусиядан мунай сатып алууну “кыска аралыкта токтото турганы” боюнча ырастама алганын айтты. АКШ президенти белгилегендей, учурдагы шарттарга байланыштуу Индия Орусиянын мунайын импорттоону дароо токтото албайт, бирок андан баш тартуу процесси узаккка созулбайт.
Индиянын АКШдагы элчилиги бул билдирүүгө комментарий берүүдөн баш тартты.
Президент Трамп Индияны, Кытайды жана башка Орусиядан мунай сатып алган өлкөлөргө ачык кайрылып, Кремлдин Украинадагы аскердик аракетин бекемдөөгө шарт түзүп жаткан мунай сатып алууларды токтотууга чакырган. Августта Трамптын администрациясы индиялык импорт үчүн алымдарды 25тен 50% чейин көтөрүп, Делиге орусиялык мунайдан баш тартуу шартын койгон.
Моди АКШнын мындай талабына каршы чыгып, индиялык расмий өкүлдөр Кошмо Штаттардын айрым өнөктөштөрү Орусия менен соода алакасын улантып жатканын белгилеп, Вашингтонду кош стандарттуулукка айыптаган. Өткөн аптада Нарендра Моди Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүндө “тараптар соода сүйлөшүүлөрүндө жетишилген олуттуу жылыштарды талкуулаганын” билдирген.
Индиянын премьер-министринин орус мунайынан баш тартууга макул болгонун айткан Дональд Трамп кийинки максат мындай кадамга Кытайды көндүрүү экенин белгиледи.
Шерине