Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Орусия соту оппозициячы саясатчылар Кара-Мурза менен Яшинди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды


Орус оппозиция өкүлдөрү (солдон оңго): Владимир Кара-Mурза, Андрей Пивоваров, Илья Яшин
Орус оппозиция өкүлдөрү (солдон оңго): Владимир Кара-Mурза, Андрей Пивоваров, Илья Яшин

Москванын Басман соту орус оппозициячыл саясатчылары Владимир Кара-Мурза менен Илья Яшинди сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга карата "экстремисттик уюмдун ишине катышкан жана армияны каралаган “фейк” маалымат тараткан" деген күнөө тагылган. Буга чейин бул эки саясатчыга издөө жарыяланып, террорчулардын жана экстремисттердин реестрине киргизилгени белгилүү болгон.

Путиндин бийлигинин сынчылары болгон Владимир Кара-Мурза менен Илья Яшин буга чейин орус түрмөлөрүндө отуруп, былтыр жайында Батыш өлкөлөрү менен туткун айырбаштоо жолу аркылуу орус абагынан чыккан.

Ага чейин Яшин орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы жай тургундарга каршы жасаган кылмыштары тууралуу айткандан кийин мекенинде “фейк маалымат тараткан” деп айыпталып, 8,5 жылга кесилген.

Кара-Мурза болсо "орусиялык аскерлер Украинада жай тургундар жашаган жерлерди, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды жана мектептерди бомбалоодо" деген сөзү үчүн 25 жылга соттолгон.

Эркиндикке чыккан соң саясатчылар Европада жашап, бозгундагы башка орус активисттери жана саясатчылары менен бирге акцияларды уюштуруп келет.

Буга чейин орус атайын кызматтары бир нече орусиялык таанымал оппозициялык саясатчыга жана коомдук ишмерге бийликти күч менен басып алуу жана террордук уюм түзүү беренеси менен айып таккан. Алардын арасында ЮКОС компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский, мурдагы премьер-министр Михаил Касьянов, коомдук ишмер Леонид Гозман, саясатчылар Дмитрий Гудков, Юрий Пивоваров жана башкалар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG