Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгы 44 курулуш компаниясын кара тизмеге киргизди.
Буга компаниялар "курулуш-монтаждоо иштерин аткарууда лицензиялык талаптарды жана курулуш ченемдерин одоно бузганы, берилген лицензиянын шарттарын аткарбаганы, мамлекеттик органдардын эскертүүлөрүнө жана көрсөтмөлөрүнө жооп бербегени, курулуш тармагындагы мыйзам бузуу фактыларын кайталагандыгы жана башка аракеттери" себеп болгону белгиленди.
Компанияларга эскертүү берилгенден кийин 90 күн ичинде кемчиликтерди жоюп, тиешелүү талаптарга жооп берген шартта "кара тизмеден" чыгарылууга мүмкүнчүлүк берилет. Белгиленген мөөнөт ичинде талаптар аткарылбаса компаниянын лицензиясы сот аркылуу жокко чыгарылат.
Компаниялардын аталыштары министрликтин расмий сайтындагы “Берилген лицензиялардын реестри” бөлүмүндө жайгаштырылды.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги буга чейин тараткан маалыматтарда Кыргызстанда баш-аягы 7 миңдей компания курулуш жүргүзүүгө лицензиясы бар экенин билдирген.
Мекеменин жетекчилиги былтыркы инвентаризациялоо маалында алардын 2 миңи гана реалдуу иштей турганын аныктап, лицензия алып, бирок иштебей отурган же уруксат кагаздарын башкаларга сатуу менен алектенген компаниялардын лицензиясы токтотулуп баштаганын маалымдаган. Быйылкы жылдын башына карата андай компаниялардын 800үнүн лицензиясы токтотулган. (ErN)
Шерине