Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коомдук тамактануу тармагында баанын ачыктыгын жогорулатууга жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган жаңы эрежелерди бекиткен токтомго кол койду. Бул тууралуу маалымат Минкабдын сайтында жарыяланды.
Документке ылайык, кафе-ресторандарга тамак-аштын негизги наркынан бөлөк тейлөө же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна тыюу салынат. Мындан ары бардык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдар менюда көрсөтүлгөн тамактын негизги баасына киргизилиши керек.
Жаңы эреже боюнча, коомдук тамак-аш объекттери тейлөө үчүн пайыздарды кошпогондо, кардарлар үчүн мыйзамга каршы келбеген кошумча шарттарды өз алдынча белгилей алат. Тапшырыктын негизги наркынан бөлөк тейлөөчү персоналдын тейлөө, тамак берүү, сервировкалоо же башка иш-аракеттери үчүн акы алуусуна жол берилбейт.
Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түзүмүнүн наркы менюда, прайс-баракчада же тапшырык берилгенге чейин керектөөчүгө жеткиликтүү болгон башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш. Төлөмдүн акыркы суммасы ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек.
Жаңы эрежелер негизсиз же жашырылган төлөмдөрдүн практикасын жоюуга багытталган. Бул керектөөчүлөргө тамактын наркы жөнүндөгү толук жана так маалыматты тапшырыкты алганга чейин берүүнү камсыздайт.
Бул токтом келерки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Өкмөттүн маалыматында ага чейинки эки жарым ай ишкерлерге жаңы эрежелерге көнүү үчүн жетиштүү убакыт экени айтылды.
Кыргызстанда кафе-ресторандарда тейлөөнүн акысы сатып алынган тамак-аштын наркынын 10%, 15%, 20% өлчөмүндө коюлуп келген. Бул көп учурда кардарлардын арасында нааразылык жаратчу. (ErN)
Шерине