Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

Британия орусиялык "Роснефть" жана "Лукойл" компанияларына санкция салды


Британия 15-октябрда Орусияга карата салынган санкциялык тизмесин кеңейтти. Бул тууралуу британ өкмөтүнүн сайтына чыккан маалыматка караганда, “кара тизмеге” орусиялык “Роснефть” жана “Лукойл” ири компаниялары киргени жазылган.

Мындан тышкары санкцияга орусиялык “көмүскө флотко” тиешеси бар делген 51 кеме, ошондой эле Трансстройбанк, Примсоцбанк, ББР банк жана Солид банк илинген. Бул тизмеге Орусиянын Улуттук төлөм карталар системасы жана бир нече жеке адамдар да кирди. Жалпысынан чектөөгө илинген 90 адам жана уюм болду, алардын арасында кытайлык, индиялык жана сингапурдук компаниялар да бар.

Мындай чечимдин түшүндүрмөсүндө “Роснефть” менен “Лукойл” Орусиянын өкмөтү үчүн стратегиялык мааниге ээ, тагыраагы, энергетикалык сектордо иш жүргүзгөнү үчүн бул тизмеге илингени жазылган.

“Роснефть” мамлекеттик корпорациясы буга чейин Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кирген. Британия “Чоң жетинин” ичинен “Лукойлду” “кара тизмеге” киргизген биринчи мамлекет болуп калды. Евробиримдик бул компанияга чара көрүүнү талкуулап жатат, ал эми АКШ азырынча эч кандай чектөөчү чечим кабыл ала элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG