Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Токмокто мушташкан окуучулар милицияга жеткирилди


Токмок шаардык милицияга жеткирилген окуучулар.
Токмок шаардык милицияга жеткирилген окуучулар.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Токмок шаарында өспүрүмдөрдүн калайман мушташ фактысы боюнча маалымат таратты.

Мунун алдында социалдык тармактарда өспүрүмдөрдүн топтолуп мушташкан видеосу тараган. Анда окуя Токмок шаарында болгону баяндалган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 14-октябрь күнү Токмок шаардык милициясына аталган калаанын 1-кичи району менен Чүй районуна караштуу Мээнеткеч айылынын ортосундагы бош жерде өспүрүмдөрдүн мушташы тууралуу билдирүү келип түшкөнү такталган. Факт катталып, териштирүү башталды.

Милиция кызматкерлери мушташ Токмок шаарындагы эки мектептин 9-класстарынын окуучуларынын ортосунда чыкканын аныкташкан.

Окуянын катышуучулары такталып, шаардык милицияга жеткирилген. Алар менен түшүндүрүү иши жүргүзүлүүдө. Жабыркагандар жок.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан ырасташкандай, текшерүүнүн жыйынтыгында күнөөлүү адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилип, учурдагы мыйзамдарга ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG