Президент Садыр Жапаров “Кыргызстандын Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 25-сентябрда кабыл алган.
Документ жөнүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев парламентте баяндама жасап, Гүлчө администрациялык, маданий, экономикалык борбор болуп саналганын, инфратүзүмүн жаңылоо үчүн шаар деп атоо сунушталып жатканын билдирген. Ал мыйзамга ылайык, калкы 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар шаар категориясына киргизилсе болорун айткан.
Президент Садыр Жапаров 12-сентябрда XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган мааракеде Алай районунун Гүлчө айылына шаар макамын ыйгаруу тапшырмасы берилгенин жарыялаган.
Базарбаев мыйзам кабыл алынса райондук мамлекеттик мекемелерди кайра каттоого болжол менен 3 млн сомдой кетиши мүмкүн экенин билдирди. Ал маселени кечиктирилгис чара катары карап, үч окууда бир кабыл алып берүүнү суранды.
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында долбоор добушка коюлуп, үч окуудан дээрдик бир добуштан кабыл алынды.
Гүлчө айылы Алай районунун административдик борбору болуп саналат. Анда акимчилик, укук коргоо, сот, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка бардык тармактардагы мекемелердин райондук бөлүмдөрү жайгашкан. 2023-жылкы эсеп боюнча айылдын калкы 14 миңден ашык деп саналган. (ErN)
Шерине