Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:34

Ошто никаб кийип жүргөн 28 кыз-келинге айып салынды


Жүзүн толук жаап жүргөн адамдарга айып пул салуу учуру. Ош ОИИБ тараткан сүрөт.
Жүзүн толук жаап жүргөн адамдарга айып пул салуу учуру. Ош ОИИБ тараткан сүрөт.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү улантып, 8-октябрдан 15-октябрга чейин жүзүн толугу менен жашырып жүргөн 28 кыз-келинге 20 миң сомдон айып пул салды.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон.

Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат. Бетин толук жаап жүргөн, ушундан улам анын ким экени аныкталбаган адамдар мамлекеттик жана муниципалдык имараттарга, мекемелерге киргизилбей турган болгон.

Мыйзам кабыл алынган соң алгач аймактарда никаб жана паранжы кийген адамдарга бир нече ай эскертүү иш-чаралары жүргүзүлүп, андан кийин айып пул салына баштаган.

Никаб – аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG