Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:34

Бишкекте курулуп жаткан стадионго "Азаттык арена" деген аталыш берилди


Бишкекте курулуп жаткан стадиондун жаңы эскизи.
Бишкекте курулуп жаткан стадиондун жаңы эскизи.

Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадионго “Азаттык арена” деген аталыш берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев атайын жыйында билдирди.

Анын айтымында, стадион 51 миң орундуу болот. Курулма өзүн өзү актап, киреше таап туруусу үчүн анын курамында 40 миң чарчы метр аянтты түзгөн коммерциялык объекттер кошула турган болду. Анда дүйнөлүк деңгээлдеги спорттук бренддер жайгашары күтүлүүдө.

Каныбек Туманбаев жыйында мындан сырткары “Ынтымак Ордонун” жанында курулуп жаткан конгресс-холлго “Ырыс Ордо” аталышы берилгенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган. Курулуш башталганда анын жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун экени айтылган. Бир жылдан кийин орундардын саны 40 миңге көбөйтүлгөнү кабарланган.

Баштапкы долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөрү айтылган. Анда ачык жана жабык VIP орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот деп айтылган.

Стадион куруу үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүнүп берилген.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG