6-октябрга караган түнү Кыргызстандын аймагында күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институту кабарлады. Маалыматка ылайык, силкинүү очогу Талас облусунун аймагындагы Талас шаарынан 85 чакырым түштүк- батыштагы тоо арасында болгон. Очогунда жер титирөөнүн күчү 6 баллга чейин катталды. Калктуу конуштардан Бакай-Ата, Айматов райондорунда 4,5 баллга чейин, Талас шаарында 4 балл сезилди. Жердин силкингени борбор калаа Бишкекте да сезилди.
Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.
Талас облусунда ушул жылдын 28-мартында күчү 5,3 жана 5,5 баллга жеткен эки жер титирөө болгон жана Бишкек шаары менен Чүй облусунда дагы сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жер титирөөдө жалпы 48 үй жабыркаганы аныкталып, акт түзүлгөнүн кабарлаган. (BkA)
Шерине