Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов Ысык-Көл облусунда киши колдуу болгон 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын өлүмү тууралуу айрым маалыматтарды айтып берди.
Ал 2-октябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн брифингде “шектүү кызды Ысык-Көлдө өлтүргөндөн кийин сөөгүн көмүп, кайра казып алып Боом капчыгайына ыргытып жиберген” деген буга чейинки кээ бир маалыматтарды четке какты.
“Кыздын сөөгүн каякка ыргытып жибергенин өзү көрсөтүп берди. Ал сөөктү Кемин районундагы Боом капчыгайына алып барып бийик жерден ыргыткан. Ал жактан киши да өтпөйт. Кызды чөптөр менен жаап койгон экен. Аны биз да, башкалар да көрмөк эмес. Шектүү баарын өзү көрсөтүп берди”, - деди ал.
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын окуясы коомчулукту нес кылды. Кыз 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына, башкача айтканда, Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
ИИМ 41 жаштагы шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталганын билдирген. Ал эки айга камалып, ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп жатат.
Айсулуу Мукашеванын сөөгү 30-сентябрда айылында жерге берилди. Анын жакындары шектүүгө катуу жаза берүүнү талап кылып жатышат. Кыз кармалган адам менен мурда-кийин тааныш болгон эмес.
Бул окуяга президент Садыр Жапаров да реакция кылды. Мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов иш Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин жана өлкө башчы “балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” демилгесин көтөргөнүн билдирди. (BTo)
Шерине