Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Президент шайлоо күрөөсүнүн көтөрүлгөнүн туура деп эсептейт


Садыр Жапаров. Архив.
Садыр Жапаров. Архив.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгондорго күрөөнүн 300 миң сомго көтөрүлгөнүн туура деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекет башчы 2-октябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо тууралуу курган маегинде айтты.

Садыр Жапаров мындан ары өлкөдө шайлоолор талапкерлердин эсебинен өтөрүн, мамлекеттик кызматкерлер, мугалим, дарыгерлерге шайлоого талапкер болуп катышууга эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады. Бирок мандат ала албай калса талапкер болгонго чейин ээлеген кызматынан да кол жууй турганын эскертти.

“Ал эми “мугалимдер менен врачтар 300 миң сом таппайт” деген суу кечпеген кеп. Эгер ошол чөлкөмдө кадыр-барктуу мугалим же врач болсо эл өзү эле көтөрүп алат. Жакын туугандары, кошуна-колоңдору, жолдош-жоролору эле чогултуп төлөп коёт. Мындай күрөө коюу практикасы дүйнө жүзүндө бар. Эмне үчүн дегенде, күрөө болбосо бир округга миңдеген талапкерлер “мен деле коё берейинчи” деп, жөн эле коюп алышат. Муну да 2011-жылы президенттик шайлоодо көргөнбүз. 90го жакын талапкер коюп алышкан. Жыйынтыгында 16 эле талапкер катышкан”, - деди ал.

28-апрелде Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

Буга чейин өзүн өзү көрсөткөн талапкер 100 миң сом күрөө төлөшү керек болсо, жаңы мыйзам менен бул сумма 300 миң сомго көбөйдү. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлдү. Жаран өзү же партия Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күрөөнү төккөндөн кийин гана талапкер болуп катталат. Күрөөдөгү каражат саясий партияларга да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да кайтарылбайт. Шайлоодон уткан учурда да күрөөгө берилген акча кайра берилбейт.

Өзүн өзү көрсөткөн талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлдү. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүлдү.

Депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Мандат ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге берилет.

Буга чейин бир катар депутаттар жаңы мыйзам саясий коррупцияны гүлдөтүп, карапайым адамдардын шайлоодо талапкер болуу укугун чектей турганын айтышкан. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG