Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата иш-чаралар уланууда


Чыгаан акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралар уланууда. Бүгүн 30-сентябрда Бишкекте, акындын ысымын алып жүргөн Улуттук китепканада эл аралык конференция өттү.

Ага түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, Түркиянын Элазык шаарынын мэри Шахин Шерифогуллары баш болгон түркиялык ишмерлер катышты. Конференция алкагында акындын адабиятка кошкон салымы тууралуу талкуу жүрдү.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму быйылкы жылды Алыкулду эскерүү жылы деп жарыялаган.

Ырлары менен окурмандардын сүймөнчүгүнө айланган акын ондон ашуун китеп чыгарып, Александр Пушкин, Уильям Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларын кыргызчалаган. Айрыкча Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасы Алыкулдун котормосунда эң мыкты экени айтылып келет. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмалары да кыргыз көрүүчүлөрүнө акындын котормосу боюнча сахналаштырылган.

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында дүйнө салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG