Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Аба ырайы: 1-октябрда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 1-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 10…15;

Талас жергесинде түнкүсүн 4…9, күндүз 9…14;

Ош, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Баткен облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 12…14° болот.




Шерине

XS
SM
MD
LG