Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:50

ТИМ өкүлдөрү АКШ элчиси менен миграция, санкция маселесин талкуулады


Медер Абакиров менен Лесли Вигери.
Медер Абакиров менен Лесли Вигери.

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 4-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, жолугушууга экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев дагы катышты.

Жолугушууда кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинен экономикалык жана техникалык кызматташуу, миграция жана санкция маселелери талкууланганы кабарланды. Кыргызстандын эл аралык демилгелерге катышуусу тууралуу да сөз болду.

Кыргыз тарап бул маселелер боюнча ырааттуу чечимдерге жетишүү үчүн диалогду улантууга кызыкдар экенин билдирди. Элчи Вигери белгиленген жол-жоболорго ылайык АКШ кыргыз тарап менен кызматташууга даяр экенин ырастады.

Кошмо Штаттардын 47-президенти Дональд Трамп 20-январда ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган. Учурда АКШда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер өтүп, аларды депортациялоо уланууда.

Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүргөн.

Буга чейин Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул өлкөдөгү кыргызстандыктарга керектүү документтерди жанына ала жүрүү керектигин эскертип, кандайдыр бир маселе жаралган учурда дипломатиялык мекемеге кайрылууга чакырган.

Медер Абакиров Лесли Вигери менен 23-январда да жолугуп, “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компанияларынын санкцияга илинишин ортого салган.

Кыргыз тарап анда “мунун себеби түшүнүксүз болуп жатканын” билдирип, аталган компанияларды “кара тизмеден” чыгарууну өтүнгөн. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG