Молдовада 28-сентябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштардын 99,52% эсептелип бүттү. Президент Майя Сандунун европачыл "Аракет жана тилектештик" (PAS) партиясы добуштардын 50% ашуунун алып, алдыга чыкты. Ал эми экинчи орунга шайлоочулардын 24% ашуун добушу менен орусиячыл Патриоттук блок чыкты. 2025-жылы Кишиневдун мэри Ион Чебан түлгөн "Альернатива" блогу добуштардын дээрлик 8% алып, үчүнчү орунда турат.
Парламенттик шайлоодо Молдованын 1,6 млн жараны добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 52 пайызын түзөрүн "Азаттык" радиосунун молдован кызматы билдирди. Приднестровье аймагынын жашоочулары дагы добуш беришти. Ал жакта 12 шайлоо участогу ачылды.
Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар катталганын билдирди. Ал бардык саясий партияларды өкмөт үйүнүн алдына тынч митингге чыгууну үндөдү. Додондун айтымында, иш-чара партиялардын символдору жок өтөт.
Шайлоо алдында президент Мая Санду жарандарга кайрылып, Европаны жактаган күчтөрдү колдоого, демократияны коргоого чакырган. Ал Орусия өз тарапташтарын бийликке алып келүү үчүн ири каражатын сарптап жатканын белгилеген.
Бул парламенттик шайлоолор Евробиримдикке кирүүгө талапкер болуп турган Молдованын келечеги үчүн маанилүү болчу.
Майя Санду башында турган жана Европаны жактаган PAS партиясы 2021-жылдан бери парламенттеги көпчүлүктү кармап турат.
Сурамжылоолорго таянып PAS азыр бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышы мүмкүн экени айтылып келаткан.
Орусия башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишип жатат деген айыптоолорду такай четке кагып келет.
Молдовадагы парламенттик шайлоодо президент Сандунун партиясы утту

Дагы караңыз
Шерине