Казакстандан Кыргызстанга ташылып келаткан 22 тонна сабиз жана 22 тонна кызылча тиешелүү фитосанитардык сертификаты жок болгонуна байланыштуу артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аталган мекеменин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү пунктуна жакын жайгашкан “Жыйынды постунда” карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүздү. Маалыматта артка кайтарылган жүк Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында тийиштүү жобонун талаптарына ылайык фитосанитардык тобокелдиги жогору продукция экени белгиленген.
"Мындай чаралар өлкөнүн аймагына карантиндик зыянкечтердин, өсүмдүк ооруларынын жана башка кооптуу организмдердин кирип кетишинин алдын алуу үчүн көрүлүүдө", - деп билдирди министрлик.
Буга чейин УКМК "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иш зонасында аталган мекемелердин кызмат адамдары өзүнчө "ортомчулар" менен сүйлөшүп, жалган документтерди колдонуу менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо (контрабанда) боюнча коррупциялык схема түзүшкөнү аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу бир катар мамлекеттик мекемелердин 20дан ашуун кызматкери кармалып, камалган. (КЕ)
Кыргызстан Казакстандан ташылып келаткан сабиз жана кызылчаны артка кайтарды

Шерине