Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Кыйноого каршы борбор жоюлуп, анын иш милдети акыйкатчыга өттү


Кыргызстандын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун логотиби.
Кыргызстандын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун логотиби.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алып, документ июль айында президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Президент 12-августта долбоорду каршы пикир менен артка кайтарган. Анын алымча-кошумчаланган версиясы 3-сентябрда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор жоюлуп, Акыйкатчы институтунун курамына киргизилет. Парламенттеги талкууларда борбор институттун функцияларын кайталагандан улам аны жоюу сунушу берилип жатканы айтылган.

Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, жарандык коомдун өкүлдөрү тынчсыздануусун билдирип, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду өз алдынча мекеме катары калтыруу сунушун беришкен.

“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровго кайрылып, аталган мыйзамга кол койбоону, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду сактап калууну өтүнгөн.

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор 2013-жылы түзүлгөн. Аны түзүү Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулганда алган милдеттердин бири болгон. Бул борбор соңку жылдары жабык жайлардагы даттанууларды туруктуу текшерип, бир нече мыйзам бузууларды аныктап келген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG