Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:03

Песков жана Медведев Трамптын Орусия тууралуу айткандарына жооп кайтарды


Зеленский менен Трамптын жолугушуусу. 23-сентябрь, 2025-жыл. Нью-Йорк
Зеленский менен Трамптын жолугушуусу. 23-сентябрь, 2025-жыл. Нью-Йорк

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 24-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусия жана Украинадагы согуш жөнүндө айткандарына комментарий берди.

Песков РБК басылмасындагы маегинде Орусия мурдагыдай эле АКШ менен диалогду улантарын, Трамптын Украинадагы тынчтыкка жетишүү ниетин баалай турганын айтты.

"Орусия жолборс эмес. Орусияны аюу десек көбүрөөк окшошот. Бирок кагаз аюу деген жок", — деген Песков Трамптын сөзүнүн артында баарынан мурда АКШнын бизнес кызыкчылыгы, негизинен мунай менен газды көбүрөөк сатууга умтулуу турат деген оюн кошумчалады. Америка президентинин айткандарына Зеленский менен жолугушуусу да таасир эткен болушу ыктымалдыгын жоромолдоду.

Кийинчерээк Песков журналисттер менен баарлашып жатып бул темага кайра кайрылды, Украина Орусия ээлеп алган аймактарын кайтарып алат дегенди "жаңылыштык" деп баалады. Украинанын позициясы мындан ары начарлай берет деген баа берген.

Орусия менен АКШнын мамилесиндеги “кыжырды келтирүүчү” маселелерди талкуулоо Москва көздөгөндөн жай жүрүп жатканын белгилеп, эки тараптуу алакалардагы "үйүлгөн көйгөй" үчүн АКШнын мурдагы президенттик администациясын айыптады.

РБКга берген маегинде Песков Зеленскийдин Путин менен сүйлөшүү үчүн Москвага келүүдөн баш тартканына таң калганын билдирип, Украина сунуштаган Швейцария жана Австрия деген өлкөлөр Москва үчүн кабыл алынгыс экенин айтты. Путин менен Трамп бири-бирине "сен" деп кайрыларын жана мамилеси ынак экенин кошумчалады.

Песков болуп жаткан окуяларды "согуш" деп атап, "Орусия аны жеңип чыгыш керек" деди.

Орус бийлиги Украинадагы согушту "атайын аскердик операция" деп атап келет.

Трамптын сөзүн Орусиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев да комментарийледи, ал АКШ президентине акаарат келтирген жок, "ал башка чындыкка кабылып калды, бирок жакын арада позициясын өзгөртүшү мүмкүн" деп айтты.

Трамп 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу жыйынынын алкагында украин президент Владимир Зеленский менен жолугушкан соң өзүнүн Truth Social баракчасына Орусиянын аскердик, экономикалык күчү күмөн жаратарын жазган. Орусияны "кагаздагы жолборс" леп атап, Евробиримдиктин колдоосу менен Украина Орусиядан өз жеринин баарын кайтарып алышы мүмкүндүгүн белгилеген.

Ал буга чейин Путин менен мамилеси согушту токтотуу аракетине эч кандай таасир бербегенин жарыялаган.

Владимир Зеленский кечээ Fox News телеканалындагы маегинде Трамптын Украинанын 1991-жылдагы чек аралары кайтарылышы ыктымал деген билдирүүсүнө таң калганын жашырбады.

Трамп бийликке келгенден кийин украин бийлиги Орусия менен согушту аймактарды кайтаруусуз токтотууга макул болушу керектигин айтып, Киев ага көнгөндөй болгон. Зеленский эми Киевдин позициясы өзгөрөбү же жокпу тактаган жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG