Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Иманалы Айдарбеков тууралуу даректүү тасма тартылды


"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик. Иллюстрация.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги 1937-1938-жылдары сталиндик репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик. Иллюстрация.

Кара-Кыргыз автоном облусунун төрагасы, өлкөнүн тунгуч жетекчиси тууралуу "Журт туткасы — Иманалы Айдарбеков" аттуу даректүү тасма тартылды. Тасманы журналист Данияр Исанов "Медиахабдын" колдоосу менен тартты.

Анда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн калыптандырууга зор салымын кошкон саясий ишмерлердин бири Иманалы Айдарбековдун өмүр-баяны, коомдук-мамлекеттик ишмердиги, Кара Кыргыз автоном облусун түптөөгө кошкон салымы, 1937-38-жылдары сталиндик репрессияда жалган жалаа менен "эл душманы" аталып, атылып кеткени тууралуу тарыхый документтер, телеберүүлөр менен шөкөттөлүп баяндалган.

1924-жылы 14-октябрда Кара Кыргыз тоолуу автоном облусу уюшулуп, аны тескей турган убактылуу бийлик - революциялык комитет түзүлгөн. Революциялык комитеттин башында Иманалы Айдарбеков турган, бул кызматына чейин ал Жети-Суу облустук аткаруу комитетин жетектеген.

Иманалы Айдарбеков 1937-38-жылдары күч алган репрессияда ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү менен кошо “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен. Алардын кайсы жерге көмүлгөнү ондогон жылдар бою белгисиз болуп келип, 1991-жылы Кыргызстан эгемендикке ээ болордун алдында гана белгилүү болгон.

Бул репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG