Украинадагы согуштан улам Eurovision сынагынан четтетилген Орусия совет доорундагы “Интервидение” форматындагы музыкалык таймашты кайра жандандырып, “салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды” даңазалаган чыгармаларга басым жасады.
Финал 20-сентябрда Москвадагы Live Arena аянтында өтүп, КМШ, Латын Америкасы, Азия жана Африка мамлекеттеринен келген 21 өлкөнүн өкүлдөрү күч сынашты. Жеңүүчүлөр элдик добуш берүүсүз, калыстар тобунун чечими менен тандалды.
Биринчи орунду вьетнамдык ырчы Дык Фук ээледи. Ал Phu Dong Thien Vuong деген чыгармасын аткарып, калыстардан 422 упай алды. Жеңүүчүгө 30 миллион рубль жана Хрусталь кубок тапшырылды.
Экинчи орунга Кыргызстандын атынан катышкан Nomad триосу татыктуу болду. Үчүнчү орун Катардан келген Дана Аль-Марга ыйгарылды.
Бирок сынактын эң көп талкуу жараткан окуясы - америкалык-австралиялык ырчы Vassy’нин күтүүсүздөн финалга чыкпай калуусу болду. Ал АКШнын атынан ырдашы керек эле. Орусиялык уюштуруучулар бул чечимди “Австралия өкмөтүнүн кысымы” деп мүнөздөп, кырдаалды “маданий цензура” деп аташты. Австралия тарап болсо ырчыга расмий тыюу салынбаганын, болгону абройуна коркунуч келтирерин эскерткенин билдирди. Vassy өзү Инстаграмда “нес болгонун жана кырдаалды түшүнүү үчүн убакыт керектигин” жазды.
1983-жылы Дарвинде төрөлгөн грек тектүү ырчы Vassy поп, EDM жана dance жанрларында ырдайт. Ал Австралия менен АКШнын кош жарандыгына ээ.
Сынактын башында Орусиянын президенти Владимир Путиндин видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Ал “Интервидениени” маданий диалогдун символу катары сыпаттап, “саясат элди бөлсө, музыка бириктирет” деген оюн билдирди. Бирок талдоочулар арасында бул билдирүүнүн артында саясий өңүт жатканы тууралуу пикирлер айтылууда.
Башында таймашка 23 өлкө катышары маалымдалган. Reuters агенттигинин жазышынча, Орусиянын атынан катышкан ырчы, сахнада Shaman деген ысым менен белгилүү Ярослав Дронов сынак Москвада өткөндүктөн, калыстардан өзүнүн ырын баалабоону суранган. АКШдан барган Vassy да финалга катышпай, натыйжада 21 өлкөнүн ырчылары күч сынашты.
Сынак Орусиянын телеканалдарынан жана интернетте түз эфирде көрсөтүлүп, уюштуруучулар дүйнө калкынын 4 миллиарддан ашууну көргөнүн билдиришти. Бирок сынактын YouTube баракчасындагы көрүүлөр 90 миңдин тегерегинде гана болду.
Орус тилдүү эки алып баруучудан тышкары, шоу командасында англис тилинде сүйлөгөн индиялык алып баруучу жана кытай тилинде сүйлөгөн кытайлык алып баруучу да болду.
Сынактын уюштуруу Кремлдин түздөн-түз көзөмөлүндө болгону айтылууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Интервидение” сынагы “адам табиятын мазактаган бурмалоолордон эркин болот” деп билдирген. Бул сөздөр Eurovision сынагындагы ЛГБТ темаларына каршы кыйыр сын катары кабыл алынууда.
Австралиялык The Conversation басылмасы Орусия бул сынакты маданий иш-чаранын өңүтүндө көрсөтүп, бирок аны саясий аброюн оңдоо аракети катары колдонуп жатканын жазды. 19-сентябрда жарыяланган макалада бул ыкма спорттогу “sportswashing” түшүнүгүнө окшош деп сыпатталып, Катардын дүйнөлүк футбол чемпионатын өткөрүү аркылуу аймактык таасирин бекемдегент мисал катары келтирилди.
BeansX21 Reactions аттуу YouTube каналынын талдоочулары ар бир аткаруучунун стилине жана сахнадагы образдарына баа берген. Алар сынактын музыкалык ар түрдүүлүгүн белгилешип, айрым чыгармалардын сапаты жогору экенин айтышкан, бирок “жалпы деңгээл Eurovision сынагына салыштырмалуу төмөн” деп баалашкан.
Украинанын Дезинформацияга каршы күрөшүү борбору“Интервидение” сыяктуу маданий долбоорлорду Орусия “душмандык пропаганданын куралы” катары колдонуп жатканын белгиледи. Ошондой эле, борбордун баяндамасында бул сынак аркылуу Орусия Азия, Африка жана Латын Америкадагы “достук коалициясын” көрсөтүүгө аракет кылып жатканы айтылат.
“Интервидение” сынагынын тарыхы 1965-жылы Чехияда “Алтын ачкыч” деген ат менен башталган. Кийинчерээк “Интервидение” деп аталып, бирок уюштурулбай калган. 2008-жылы Сочиде “Беш жылдыз. Интервидение” деген аталышта кайра өткөрүлүп, ага мурдагы СССРден бөлүнгөн өлкөлөрдүн ырчылары катышкан.
Украинага согуш ачканы үчүн 2022-жылы Орусия эл аралык популярдуу Eurovision сынагынан четтетилген. Мындан улам “Интервидениени” жандандыруу идеясы жигердүү талкуулана баштаган. 2025-жылдын 3-февралында Орусия президентинин жарлыгы менен сынакты уюштуруу расмий түрдө бекитилген.
Кийинки “Интервидение” сынагы 2026 -жылы Сауд Арабияда өтө турганы жарыяланды.
Ал тапта Европада Eurovision сынагына байланыштуу талаш-тартыш күчөп жатат. Айрым өлкөлөр 2026-жылы Израил катышса, бул музыкалык таймашка бойкот кыларын билдиришти. Алгач мындай позицияны Испания жарыялап, андан соң Ирландия, Исландия, Словения жана Нидерланд кошулду. Бельгия, Швеция жана Финляндия да бойкот маселесин карап жатканы белгилүү болду.
Eurovision сынагын уюштурган Европалык телеберүү бирикмеси Израилдин катышуусу боюнча акыркы чечимди декабрда кабыл алат. Ал эми таймаш 2026-жылдын май айында Австрияда өтмөкчү.
2025-жылы Базелде уюштурулган шоу 37 өлкөдөн 166 миллион көрүүчү топтогон. Бирок ага Израилдин катышуусу Газадагы согуштун шартында нааразылык жана каршылык акциялары менен коштолгон.
Германиянын маданият министри Волфрам Веймер Eurovision-2026 сынагын бойкот кыларын айткан өлкөлөрдүн позициясын сынга алды. Муну “маданий иш-чараны саясатташтыруу” деп атаган Веймер Eurovision элди музыка аркылуу бириктирүү максатында түзүлгөнүн, ал эми Израилди четтетүү бул идеяга каршы келерин айтты. Кийинки сынакты өткөрө турган өлкө катары Австрия бойкотторго байланыштуу өкүнүчүн билдирди.
Шерине