Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:50

Ошто 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду


Парктагы аттракциондордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Парктагы аттракциондордун бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы сейил бакта 18 жаштагы кыз атрракциондон кулап каза тапты.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, кырсык 21-сентябрда, саат 13:30 чамасында болгон. Парктагы "Кайыкча" деп аталган аттракциондо ойноп жаткан үч кыздын бири жерге кулап кеткен. "Тез жардам" кызматы кыз алган жаратынан көз жумганын билдирген.

Шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча иликтөө иштери башталганын кабарлады.

Аталган сейил бакта аттракциондон балдар кырсыктаган учурлар буга чейин да бир нече ирет катталган. Шаар бийлигине Оштогу бул гана эмес, Токтогул, "Ак-Буура", "Иллюзион" жана башка оюн-зоок парктарындагы аттракциондордун коопсуздугун текшерүү зарылдыгы эскертилип, тиешелүү тармактар алардын айрымдарын кыска убакытка жапкан.

Аттракциондогу кырсыктар Бишкекте, Манас (мурдагы Жалал-Абад) шаарындагы парктарда да катталып, адам өлүмү менен бүткөндөрү да болгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG