Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:55

Ооганстандагы талибдер кармап кеткен британиялык жубайлар бошотулду


Барби жана Питер Рейнолдc
Барби жана Питер Рейнолдc

Ооганстандагы талибдер кармап кеткен британиялык жубайлар Катардын ортомчулугу менен бошотулду. Бул тууралуу Рейтер агенттиги кабарлады.

Барби жана Питер Рейнолдсту быйыл 1-февралда “Талибан” кыймылынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармаган.

Маалыматка караганда, Катардын Кабулдагы элчилиги аларга дары-дармек, дарыгерлерди жеткирип, жардам берип келди.

Талибдер башкарган ооган Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кахар Балхи жубайлар Ооганстандын мыйзамдарын бузганын Х социалдык тармагына жазып, бирок анын чоо-жайын маалымдаган жок.

Британиянын Ооганстандагы атайын чабарманы Ричард Линдси Sky News телеканалына курган маегинде Катарга ыраазычылыгын билдирип, Рейнолдстор кандай негизде кармалганы белгисиз экенин белгиледи.

Февралда британиялыктар менен кошо теги кытайлык АКШнын жараны жана котормочу кармалганы маалымдалган.

Ооганстандагы бийликке Талибан кайтып келген 2021-жылдан бери Катар ал жактагы чет өлкөлүк жарандарды бошотууга жардам берип келатат. Быйыл кеминде үч америкалык киши кое берилди.

Талибдер өлкөнү басып алганы бир катар Батыш мамлекеттери Кабулдагы элчиликтерин жаап, дипломаттарын чакыртып алган.

Sunday Times жазганына караганда, жашы өйдөлөп калган Рейнолдстор 18 жыл бою ооган мектептериндеги долбоорлор менен иштеп келген жана согушкер кыймыл кайтып келгенден кийин да ал жакта калууну чечкен.


Шерине

XS
SM
MD
LG