Европада беларустук тыңчылар түйүнүнүн бети ачылып, Прагадан минскилик дипломат чыгарылганына жооп катары эми Беларус чех дипломаты 72 саатта өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды.
Беларустун Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Руслан Воронков чехиялык дипломатты персона нон грата деп жарыялап, бул кадам "баштан аяк ойлоп чыгарылган жана негизсиз шылтоо" аркылуу Прагадан чыгарылган Беларус элчилигинин кеңешчисине карата чечимге жооп экенине басым жасады.
Воронков ошондой эле Польшанын Минсктеги убактылуу ишенимдүү өкүлү менен эки өлкө ортосундагы мамилелердин абалы туурасында кеңири маек уюшулганын билдирди.
8-сентябрда Чехиянын тышкы иштер министрлиги Европада "беларус тыңчыларынын түйүнү" кармалганын кабарлап, Молдовада минскилик бир кызматкер камакка алынып, Прага менен Варшавадан бирден беларус дипломаты чыгарылган. Польша жакында Орусия-Беларус аскерлеринин биргелешкен машыгуусу "агрессивдүү" маанайда өтүп жатканын белгилеп, Беларус менен чек араларын жаап салган.
Шерине