Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Сот блогер Бауржан Абдумаликовго айып салып, эркиндикке чыгарды


Бауржан Абдумаликов.
Бауржан Абдумаликов.

Май айынын аягында күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген деген жүйө менен кармалган блогер Бауржан Абдумаликовго (Кадырбеков) сот чечими чыкты.

19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды. Ал сот залынан бошотулуп, эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикке чыкты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Бауржан Абдумаликовду июнь айында кармаган.

26-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну, беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиева Өзгөн районунун Алга айылына бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесине барып келгенден кийин өз үйүндө өлтүрүлгөн. Кылмышка шек саналып 40 жаштагы күйөөсү кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал аялын аңчылык курал менен атканын билдирген. Маркум келиндин жакындары Айзирек күйөөсүнүн кызганычынын курмандыгы болуп калганын айтышкан.

Бауржан Абдумаликов социалдык тармактардагы баракчаларында Айзирек Эралиеванын өлүмүнө келиндин өзүн күнөөлөгөн пикири менен бөлүшкөн.

Маркумдун аброюна шек келтирген деген айып менен ага чейин дагы бир блогер Айбек Уланов кармалып, камакка алынган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG