Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Күрөш: Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатында коло медал алды


Нурзат Нуртаева жана Паулин Лекарпентер.
Нурзат Нуртаева жана Паулин Лекарпентер.

18-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева кыз-келиндер күрөшүнөн 72 килограмм салмакта коло медал алды.

Ал үчүнчү орун үчүн беттеште франциялык Паулин Лекарпентерди 5:0 эсебинде утуп алды. Бул 23 жаштагы балбан кыздын дүйнө чемпионатындагы биринчи байгеси.

17-сентябрда Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта күмүш медал алган. Ага чейин Бекзат Алмаз уулу 57 килограмм салмакта күмүш, ал эми Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмак ченинде коло медал тагынган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG