Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Катардын борбору Доха шаарына болгон ракеталык чабуул жана Газа секторундагы абал тууралуу комментарий берди. Мамлекет башчы 15-сентябрда Токмок шаарында Ислам академиясынын ачылышында сүйлөп жатып, Дохада бул маселе боюнча араб-ислам саммити өтүп жатканын билдирди.
“Кыргыз эли катарлык жана палестиналык бир туугандарга тилектештигин билдирет. Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы турууну жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды мындан ары курчутууга алып келүүчү бардык аракеттерден алыс болууну жактай тургандыгын белгилейм”, - деди президент.
9-сентябрда Израил Катардын борбору Дохадагы имараттарга ракета менен сокку урган. Мындай аракетти Израил ХАМАС уюмунун жетекчилерине багытталган сокку деп атаган. Катар расмий Тель-Авивдин кадамын “мамлекеттик терроризм” деп атады.
11-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши, бир катар өлкө жетекчилери Дохадагы аба соккуларын айыптаган. Кыргызстандын бийлиги да өткөн аптадагы чабуулдарды сынга алып, бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине шек келтирет деп билдирген.
2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлери Израилге кол салуудан соң 1100дөн ашуун адам өлтүрүлүп, 251 киши барымтага алынган. Алардын 140дан ашууну бошотулган. Бул окуядан кийин Изарил Газада ХАМАСтын таасиринен тазалоону максат кылып, аскердик операцияларды жүргүзүп, абадан сокку уруп келет. Чабуулдардан улам Газа гуманитардык абал кыйындап, миңдеген адамдар үй-жайсыз калды. Газа тилкесинин саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 62 миңден ашуун киши каза тапканын маалымдады.
ХАМАСты АКШ жана Европа Биримдиги террорчул уюм деп жарыялаган. (BTo)
Шерине